АКШда сурамжылоо америкалыктардын үчтөн бири аял президентке даяр эмес экенин көрсөттү

YouGov компаниясынын сурамжылоосу он америкалыктын үчөө АКШны аял президент башкаруусуна даяр эмес экенин көрсөттү.

Сурамжылоонун жыйынытыгы Times басылмасына жарыяланган.

Ага ылайык, америкалыктардын 30%ы АКШ азырынча аялдын башкаруусуна даяр эмес деп эсептесе, респонденттердин 54%ы каршы пикирде. Калган 16% боюнча компания маалымат берген жок.

Сурамжылоо 22-23-июлда АКШда катталган 1170 шайлоочунун арасында өткөрүлдү.

Маалыматта белгилегендей, YouGov жана The Economist 2015-жылы жүргүзгөн сурамжылоонун жыйынтыгында респонденттердин 21%ы өлкө аял президентке даяр эмес деп билдирген. Ошентип, тогуз жылдын ичинде бул көрсөткүч тогуз пайыздык пунктка көтөрүлгөн.

Эске салсак, АКШнын президенти Жо Байден 21-июлда экинчи мөөнөткө ат салышпай турганын жарыялаган. Ал вице-президент Камала Харристин талапкерлигин колдогон.

АКШнын вице-президенти Камала Харриске Демократиялык партиянын көрүнүктүү өкүлдөрүнүн дээрлик баары колдоосун билдирди. Эми анын талапкерлиги августта өтө турган партиянын расмий Улуттук курултайында көрсөтүлүшү керек.

Республикачыл талапкер Дональд Трамп ага АКШнын азыркы вице-президентин жеңүү бир топ жеңил болорун бир нече жолу билдирген.

Көпчүлүк сурамжылоолордо Трамп атаандашынан бир аз алдыда болсо, Reuters/Ipsos’тун сурамжылоосунда Харрис Трамптан 2% алдыда.

Комментарий жиберүү