Ирандын тышкы саясаттагы артыкчылыктары – коңшу мамлекеттер, Африка жана Азия өлкөлөрү жана Тегеранга кысым учурунда аны колдогондор менен мамилени өнүктүрүү болуп саналат.
Бул тууралуу Ислам Республикасынын Жогорку лидери Али Хаменеи өлкөнүн жаңы шайланган президенти Масуд Пезешкянды кызматка бекитүү аземинде билдирди.
“Тышкы саясатта артыкчылыктуу багыттарыбыз бар. Биздин артыкчылыктарыбыздын бири – биздин коңшуларыбыз. Коңшулар менен мамиленин үстүндө иштешибиз керек. Дагы бир артыкчылыктуу багыт – Африка, Азия өлкөлөрү сыяктуу биздин дипломатиялык аренабызды кеңейте ала турган өлкөлөр менен мамиле түзүү. Дагы бир артыкчылыктардын бири – бул жылдар бою бизди колдоп келген жана кысым учурунда жардам берген өлкөлөр менен бекем карым-катнаштарды түзүү», – деди Хаменеи.
Ирандын Жогорку лидери тышкы саясаттагы артыкчылыктардын арасында европалык өлкөлөр менен алакаларды айтпаганын – Ирандын бул өлкөлөргө карата душмандыгын билдирбейт деп баса белгиледи.
«Европа өлкөлөрүн артыкчылык катары атабай жатканымдын себеби, алар бир нече жылдан бери бизге жакшы мамиле жасашкан жок. Санкция, мунай маселесинде жана башка ар кандай маселелерде, мисалы, адам укуктарына байланыштуу жалган билдирүүдө жаман мамиле кылышты”, – деди аятолла.
Хаменеи Европа өлкөлөрү мындай мамиле кылбаса, алар менен болгон карым-катнаш да Ирандын тышкы саясатынын артыкчылыктарынан болоорун кошумчалады.
Ошол эле учурда ал Тегеран кылык-жоруктарын унутпай турган бир нече мамлекеттер бар экенин белгиледи.