Израилдин Ливанды бомбалоосунан 492 киши набыт болуп, 1600дөн ашууну жаракат алды

Израилдин аба күчтөрүнүн Ливандын түштүк жана чыгышындагы конуштарга жасаган чабуулдарынан бир сутка ичинде каза болгондордун саны 492ге жетип, 1645 киши жаракат алды. Каза болгондордун ичинде  35 жаш бала жана 58 аял бар.

Бул тууралуу Ливандын саламаттыкты сактоо министрлигинин өзгөчө кырдаалдар борборунан билдиришкенин “Mehr News” агенттиги жазды.

Израиль армиясы дүйшөмбү күнү эртең менен ливандык “Хезболла” кыймылына каршы “Түндүктүн жебелери” операциясын баштап,  Ливандын түштүгүндөгү жана чыгышындагы калктуу конуштарга массалык соккуларды жасай баштаган.

Ондогон кыштактар ​​жана бир катар райондук калктуу конуштар чабуулга дуушар болду.

“Хезболла” кыймылы өз кезегинде Израилдин түндүгүн көздөй ондогон ракеталарды атышты. Ливандын өкмөтү БУУну буга кийлигишүүгө, Израилдин агрессиясын токтотууга чакырды.

Израилдин Ливандын түштүгүн жана чыгышын бомбалоосунан улам Бейруттун Рафик Харири атындагы эл аралык аэропортунда шейшембиде 50гө жакын каттам токтотулганы аэропорттун сайтындагы маалыматта айтылат.

БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш Израилдин Ливанга жасаган кезектеги соккусунан карапайым кал арасында көп сандагы курмандыктарга тынчсыздануусун билдиргенин анын өкүлү Стефан Дюжаррик билдирди.

Израиль менен “Хезболланын” ортосундагы чыр-чатактын курчушу

Жакынкы Чыгыштагы кырдаал 17-18-сентябрда Ливандын ар кайсы райондорунда бир учурда байланыш жабдуулары: биринчи пейджерлер, эртеси рациялар жардырылгандан кийин курчуган. Маалымат каражаттары жазгандай, жарылган аппараттарды негизинен “Хезболланын” мүчөлөрү колдонгон. Расмий маалыматтар боюнча, чабуулдан 37 адам каза болуп, 3000ден ашууну жарадар болгон. Ливан бийликтери жана “Хезболла” чабуул үчүн Израилди айыптаган. Тель-Авив бул окуяга тиешеси бар экенин тастыктаган да, четке каккан да жок.

Кийинчерээк Израилдин авиациясы Бейруттун түштүк четиндеги турак жайга сокку уруп, 50дөн ашуун киши, анын ичинде “Хезболланын” атайын операцияларынын командири Ибрагим Акиль набыт болгон. “Хезболла” жооп ирээтинде Израилдин аба күчтөрүнүн Рамат Давид базасына жана Хайфанын түндүгүндөгү Рафаэль аскердик-өнөр жай комплексине чабуул коюшкан.

Комментарий жиберүү