Ирандын ТИМ башчысы: Иран согушка да, тынчтыкка да даяр

Жакынкы Чыгышта кагылышуу жана чыңалуунун күчөшү ыктымалдыгы көбөйдү жана алардын баарынын тамыры сионисттик режимдин (Израиль – ред.) кылмыштарында жатат, Газада башталган кылмыштар Ливанга да жайылып кетти жана анын башка өлкөлөргө да уланып кетүү ыктымалдыгы бар. Сионисттик режимдин Сионисттик режимдин чабуулдарына каршы туруу керек жана бул режимдин Газа жана Ливандагы чабуулдары токтотулушу керек.

Бул тууралуу Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи Багдадда ирактык кесиптеши менен биргелешкен маалымат жыйынында билдирди.

Арагчи Иран согушту эмес, тынчтыкты каалай тураганы айтып, бирок албетте, Иран согушка да, тынчтыкка да даяр экенин белгиледи.

«Иран Ислам Республикасы ар кандай кырдаалга даяр болсо да… чыңалууну, чыр-чатакты жана согушту күчөтүүгө умтулбайт.  Биз согушка даярбыз, тынчтыкка да даярбыз. Бул Иран Ислам Республикасынын бекем позициясы: биз согуш абалына толук даярбыз, согуштан коркпойбуз. Бирок биз согушка умтулбайбыз, биз тынчтыкка умтулабыз жана Газа менен Ливанда адилеттүү тынчтыкты орнотууга  күч-аракетибизди жумшайбыз”, – деп билдирди Ирандын ТИМ башчысы.

Ал ливандык качкындардын маселесине токтолуп, эл аралык коомчулук Ливанда 1,5 миллионго жакын адам жер которууга аргасыз болгонуна азыраак көңүл бурганын белгиледи.

Анын айтымында, сионисттик режим кол салуулары менен ливандык качкындарга жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн жаап, ага уруксат бербей жатат.

Аракчи Иран ливандык качкындарга жардам жөнөтүүнү улантып жатканын кошумчалап, бир топ ливандык баш калкалоочуну жана жаракат алгандарды кабыл алган Ирак өкмөтүнө ыраазычылык билдирди.

1-октябрдан бери Израил Ливандын түштүгүндө “Хезболла” күчтөрүнө каршы кургактан операция жүргүзүп, коңшу өлкөнү абадан бомбалоону улантууда. Андан бери 2 миңден ашуун адам, анын ичинде  кыймылдын лидерлери каза таап, миллиондон ашууну качкын болду.

Ошол эле күнү кечинде Иран ХАМАС, Хезболла жана Ислам революциясынын сакчылар корпусунун лидерлеринин өлүмүнө жооп иретинде Израилге массалык ракеталык чабуул жасаган. Тегеран ракеталардын 90%ы көздөгөн бутага ийгиликтүү тийгенин айтса, Израиль Иран 180дей ракета учурганын жана алардын көбү кармалганын айткан.

Буга чейин Ирандын президенти Масуд Пезешкян Израилди Жакынкы Чыгыштагы согушту токтотууга чакырган. Ал израилдик тарап “бардык мүмкүн болгон эл аралык макулдашууларды” бузуп жатканын баса белгилеген.

Комментарий жиберүү