Евробиримдик Израилден түшүндүрмө күтүп жатат

Евробиримдиктин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррел Израилдин Коргоо күчтөрүнүн (ЦАХАЛ) Ливандагы БУУнун күчтөрүнө кол салуусун кескин айыптады.

Бул тууралуу “Европалык чындык” басылмасы билдирди.

Боррел мындай чабуулдарды кабыл алынгыс жана эл аралык укукту одоно бузуу деп атады. Ал мындай аракеттерди “дароо токтотуу керек” деп баса белгиледи.

Боррелл ошондой эле Евробиримдиктин бардык өлкөлөрүнүн атынан билдирүү жасап, бардык субъекттер БУУнун коопсуздугун жана мүлкүн камсыз кылуу үчүн зарыл чараларды көрүүгө, ошондой эле БУУнун имараттарынын кол тийбестигин ар дайым урматтоого милдеттүү экенин айтты.

Евробиримдиктин дипломатия башчысы Израилден түшүндүрмөлөр күтүлүп жатканын баса белгиледи.

Боррелл баса белгилегендей, БУУнун Ливандагы убактылуу күчтөрүнүн курамында Евробиримдикке мүчө 16 өлкөнүн аскерлери  жана  кызматкерлери бар.

Белгилей кетүүчү жагдай, Ливанда Израилдин соккусунан Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) бейпилдик күчтөрүнүн (UNIFIL) эки өкүлү жараат алды. Окуя өткөн  жума күнү өлкөнүн түштүгүндөгү күзөт мунарасында болгон.

БУУнун баш катчысы Антониу Гуттериш баштаган бир катар Батыш мамлекеттеринин өкүлдөрү ЦАХАЛдын чабуулун айыптады. Бейпилдик күчтөрү муну олутуу окуя катары сыпаттап, аталган уюмдун кызматкерлеринин жана мүлкүнүн коопсуздугу камсыз кылынышы керектигин эскерти.

Франция Израилдин элчисин чакырды жана Италия, Испания менен чогуу бул чабуулду айыптаган билдирүү таратты.

Комментарий жиберүү