Галибаф: Каршылык көрсөтүү топтору Жакынкы Чыгыштагы тынчтыктын сакчылары

Сионисттик режим (Израиль- ред.) Хезболланын лидери Хасан Насрулланы өлтүрүү менен каршылык көрсөтүүнү токтото алам деп ойлогон, бирок режимдин армиясынын операцияларда жеңилүүлөрү ага  Хезболланын тирүү экенин жана Ливан эли тарабынан колдоого алынарын көрсөттү.

Бул тууралуу Ирандын Межлисинин (парламентинин) спикери Мохаммад Багер Галибаф Парламенттер аралык биримдиктин 149-ассамблеясында сүйлөп жатып билдирди.

Ал ливандык жай тургундар жер которгондорго жардам берүү боюнча эл аралык коомчулуктун практикалык чараларын, ошондой эле кылмыштуу Израиль режиминин адамгерчиликсиз ырайымсыздыгын көзөмөлдөй турган туруктуу ок атышууну күтүп жатканын белгиледи.

Галибаф 10 миңден ашуун баланы өлтүрүп эле койбостон, ага сыймыктанган, укуктук жана моралдык нормаларды баалабаган жана качкындар лагеринде карапайым калкты тирүүлөй өрттөөдөн тартынбаган режимге туш болушканын белгиледи.

“Ал режим (Израиль – ред.) тарыхтын бардык канкорлорунун окутуучусу деп атоого боло турган режим. Кечээки күнгө чейин Палестина жерлерин басып алып, үйлөрүн талкалап келген режим, эми Американын ок-дары жана жабдыктары менен шаарларды талкалап, инфраструктураны талкалап жатат. Дүйнө азыр геноцидди сыймык, ымыркайларды өлтүрүүнү аскердик жетишкендик жана адамдардын жер которуусун стратегиялык жеңиш деп эсептеген режимге туш болууда”, – деп билдирди Иран Межлисинин спикери.

Галибаф азыркы абал улана берсе, дүйнө терең кризиске кептелерин, сионисттик режимдин кылмыштарын улантуусу аймактагы жалындын тутанышына жана чексиз аскердик жана коопсуздук кризистеринин башталышына алып келерин айтты.

Анын айтымында, аймак күйүп турганда тынчтык орнобойт жана андан баары жапа чегет.

Ал ошондой эле аймактагы каршылык көрсөтүү топтору Жакынкы Чыгышта (Батыш Азияда) тынчтыктын сакчылары экенин айтты.

Галибаф бүгүнкү күндө Иран тарыхый милдетин аткарып, бул кылмыштуу режимди токтотуу үчүн жан аябас аракеттердин борборунда турарын жана аны менен сыймыктанарын айтып, адам укуктарын коргоо ишинде дүйнө эмне кыларын күтүп жатышканын белгиледи.

“Биз бул кылмыштуу режимди колдогон өлкөлөргө Израилге аскердик, экономикалык, чалгындоо, саясий жана медиа жардам көрсөтүүнү токтотууну жана бардыгы үчүн, анын ичинде алар үчүн кеч боло электе, аны узак мөөнөттүү ок атышпоо келишимин кабыл алууга мажбурлоону сунуштайбыз”, – деди Иран Межлисинин спикери.

Ал сөзүнүн аягында дүйнө жүзүнүн бардык парламенттерин өздөрүнүн тарыхый милдетин жоопкерчилик менен аткарууну жана адамзатты жана ар-намысты сактоону, тынчтыктын жана адамзаттын бул душмандарын дүйнөлүк коомчулуктан изоляциялоого чакырды.

Белгилей кетсек, Жакынкы Чыгыштагы каршылык көрсөтүү топтору б.а. “Каршылык огу” – Сирия, Ирактагы кошуундар, ливандык “Хезболланы”, йемендик “Ансар Аллах” (хуситтер) жана палестиналык ХАМАС кыймылын бириктирген альянс. Кыймылдардын башкы максаты Жакынкы Чыгыштагы америкалык-израилдик таасирге каршы туруу болуп саналат

Комментарий жиберүү