“Хезболла” баллистикалык жана жогорку тактыктагы ракеталарын көрсөттү. Видео

Ливандык “Хезболла” кыймылы “Кадир-2” жана “Наср-1” аттуу эки баллистикалык жана жогорку тактыктагы ракеталарынын мүнөздөмөлөрү көрсөтүлгөн видео жарыялады.

Анда “Хезболла” жакында эле Тель-Авивге атылган “Кадир 2” ракетасы жер-жер классындагы баллистикалык ракета экенин билдирди. Бул ракета Ливандын Исламдык каршылык көрсөтүү күчтөрүнүн инженерлери тарабынан иштелип чыккан жана маанилүү буталарды жогорку тактык менен атууга колдонулат.

“Хезболла” ошондой эле “Кадир 2” ракетасы кыйратуучу күчкө ээ экенин белгиледи.

Ал эми “Наср-1” ракетасы да Ливандын Исламдык Каршылык көрсөтүү кыймылынын инженерлери тарабынан жасалган жана ал дагы душмандын маанилүү буталарына жана объекттерине жогорку тактык менен сокку уруу үчүн колдонулган “жер-жер” классындагы ракета.

Бул ракетанын учуу аралыгы 100 км, дүрмөт алып жүрүүчү бөлүгүнүн салмагы 100 кг, диаметри 302 мм.

Комментарий жиберүү