Ирандын ТИМ башчысы: Иран Израилдин ыктымал чабуулуна дароо жооп кайтарат

Израилдин Иранга ар кандай чабуулу “кызыл сызык” болуп саналат, анын артынан пропорционалдуу жооп кайтарылат, бирок Тегеран шашылбайт.

Бул тууралуу Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи ишембиде түркиялык NTV телеканалына берген маегинде билдирди.

«Эгерде Израиль бизге кол салса, анда биз жооп берүүгө толук даярбыз. Биз ошого жараша жооп беребиз, бирок Израиль биздин даярдыгыбызды сынабайт деп үмүттөнөбүз», – деди Аракчи.

Ал Иранга жасалган ар кандай чабуул Ислам республикасы үчүн кызыл сызык экенин айтып, мындай чабуул реакциясыз калбай турганын белгиледи.

“Израиль Иранга жасалган ар кандай чабуулга симметриялуу жооп алат. Биз симметриялуу жооп берүүдөн баш тартпайбыз, аны кечиктирбейбиз, бирок шашылбайбыз дагы”, – деп белгиледи министр.

Мындан тышкары, Аракчи Ирандын акыркы операциясы учурунда Иран тарабынан учурулган ракеталардын 90%ы буталарга жеткенин баса белгиледи.

“Анда биз эч кандай экономикалык же жарандык оюъекттерге сокку урган жокпуз, буталар бир гана аскердик объекттер болду. Биз азыр Израилдеги бардык буталарды аныктадык. Эгерде Израиль кол салса, биз алардын буталарына ушундай эле сокку урабыз”, – деди министр.

Мындан тышкары, Аракчи Израиль Газа менен Ливанда АКШнын жардамысыз кылмыш кыла албастыгын, ал жерде колдонулган бардык курал-жарактар ​​Америка тарабынан берилгенин кошумчалады.

“Биз үчүн Кошмо Штаттары сионисттердин союздашы болуп саналат жана эгер аймакта масштабдуу согуш чыгып кетсе, ага АКШда тартылат, биз муну таптакыр каалабайбыз”, – деп баса белгиледи Ирандын дипломатиясынын башчысы.

Комментарий жиберүү