ЖМК: Иран Израилдин чабуулу учурунда 20 аскердик объекти талкаланганы тууралуу маалыматты четке какты

Израилдин Иранга жасаган соккусу 20 бутага тийген жана Израилдин 100 согуштук учагы катышкан деген маалыматтар жалган. Бул тууралуу Tasnim агенттиги өз булагына таянып билдирди.

Анын маалыматы боюнча, иш жүзүндө сокку урулган буталардын саны 20га да жетпейт. Ошондой эле ал агенттикке сокку өлкөнүн сыртынан жасалганын жана келтирилген зыян «чектелгендигин»  ырастады.

«Соккуга Израилдин 100 согуштук учагы катышты деген маалымат да толугу менен жалган. Израиль жөн эле өзүнүн алсыз чабуулунун масштабын көбүртүп-жабыртып көрсөтүүгө аракет кылууда», – деп билдирди Tasnim булагы.

Комментарий жиберүү