Кытайдын Шаньдун провинциясында Bank of China банкынын мурдагы төрагасы Лю Лянже өлүм жазасына кесилди, деп билдирет Синьхуа маалымат агенттиги.
Сот Люнун бардык мүлкүн конфискациялоону жана жарандык укуктарынан ажыратуу чечимин чыгарган.
Сот тарабынан ишенимдүү деп табылган тергөөгө ылайык, Лю 121 миллион юаньдан (16,6 миллион доллар) ашык суммада пара алган жана насыяларды берүүгө мыйзамсыз көмөктөшкөн. Ал 2023-жылдын октябрынан бери камакта.
Өкүм өлүм жазасын эки жылга кийинкиге калтырууну камтыйт. Эгерде Лю бул убакыттын ичинде жаңы кылмыштарды жасабаса, жаза өмүр бою эркинен ажыратуу менен алмаштырылат.
Буга чейин ММКлар Кытайдын Борбордук банкынын төрагасынын мурдагы орун басары пара алганы үчүн өлүм жазасына кесилгенин жазган.