Израиль менен Ливандын ортосундагы ок атышпоо келишими бүгүн, 27-ноябрь жергиликтүү убакыт боюнча саат 4:00дө (Москва убактысы боюнча 5:00) күчүнө кирди.
Бул белгиленген убакыттан кийин эки өлкөнүн аскерлери эч кандай аткылоо же учкучсуз учактардын кол салуулары тууралуу кабарлаша элек.
Жөнгө салуу планын АКШ жана Франция демилгелеген.
Алдыдагы 60 күндүн ичинде Ливандын армиясы өлкөнүн түштүгүндөгү аймактарды ээлеши керек, ал эми “Хезболла” күчтөрү жана инфраструктурасы ар кайсы аймактарда Израиль менен чек арадан 20-30 чакырым алыстыкта агып жаткан Литани дарыясынын түндүгүнө жылат деп болжолдолууда.
Өз кезегинде жөөт мамлекети Ливандын аймагынан куралдуу күчтөрүн толук чыгарып кетиши керек.
Келишимде анын аткарылышын көзөмөлдөө үчүн АКШ башында турган эл аралык комитетти түзүү каралган.
Вашингтон Ливандын аймагынан чукул коркунучтар келип чыккан учурда Израилге аскерий аракеттерди, ошондой эле өлкөнүн түштүгүндө “Хезболланын” аскерий катышуусунун мүмкүн болуучу калыбына келтирилишин басуу боюнча аракеттерди колдоону кепилдеген.
Күн мурун Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху кайрылуу жасап, анда ал “Хезболла” элдешүү келишимин бузса, армия жооп кайтарып, согуштук аракеттерди улантат деп билдирген.
Ирандын кубаттоосу
Иран Ливан менен Израилдин ортосундагы ок атышууну токтотуу келишимин кубаттайт, бирок ошол эле учурда Ливан элине жана өлкөдөгү каршылык көрсөтүү күчтөрүнө ар тараптуу колдоо көрсөтүүнү улантары Ислам Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Тelegram-каналында жарыяланган билдирүүсүндө айтылат.
“Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Исмаил Багаи сионисттик режимдин Ливанга каршы агрессиясынын аякташы жөнүндөгү кабарды кубаттайт, бирок Ислам Республикасынын Ливандын өкмөтү, эли жана каршылыгына колдоо көрсөтүүгө карата өзгөрбөгөн позициясын баса белгилейт”, – деп айтылат текстте.