25-ноябрда Кыргызстандын Иран Ислам Республикасындагы элчиси Турдакун Сыдыков Ирандын “Sadr Tamin Investment Company” инвестициялык тоо-кен казып алуу холдингинин башкы директору Ахмад Надери менен жолугушуу өткөрдү.
КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, жолугушууда презентация болуп, анын жүрүшүндө элчи Сыдыков Кыргызстан өкмөтүнүн өлкөнүн инвестициялык климатын жакшыртуу боюнча жүргүзүп жаткан иштери, чет элдик инвесторлор үчүн учурдагы жеңилдиктер жана преференциялар жөнүндө айтып берип, ошондой эле Кыргызстандын аймагындагы актуалдуу жана перспективалуу кендерди, анын ичинде полиметаллдардын жана сейрек кездешүүчү металлдардын кендерин көрсөттү.
Мындан тышкары, иш-чаранын катышуучуларына Кыргызстандын тоо-кен тармагындагы учурдагы инвестициялык долбоорлор тууралуу толук маалыматты камтыган таркатма материалдар жана электрондук маалымат каражаттары берилди.
Өз кезегинде ирандык холдингдин жетекчиси тыгыз өз ара пайдалуу кызматташтыкты түзүүгө кызыкдар экенин жана Кыргызстандын тоо-кен тармагындагы долбоорлорго инвестиция салууга даяр экенин билдирди.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар предметтүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жана Кыргызстандагы кендерди иштетүү боюнча келечектүү инвестициялык сунуштарды ишке ашыруу боюнча тиешелүү макулдашууларга кол коюу үчүн ирандык холдингдин жумушчу тобунун Кыргызстанга сапарын уюштурууну макулдашышты.