ЖМК: Орусия Түркиядан аскерлерин Сириядан чыгарууга жардам берүүнү суранды

Орус бийликтери Сириядан аскер кызматкерлерин чыгарып кетүүнү уюштурууга көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен Түркияга кайрылган. Бул тууралуу CNN Turk телеканалы билдирди.

Телеканалдын маалыматына караганда, Орусия Тартус жана Хмеймимдеги базаларын сактап калууга ниеттенүүдө, ошол эле учурда Түркиядан аскерлерин чөлкөмдүн башка аймактарынан чыгарууда жардам сурайт.

“Орус аскерлери Түркиянын көзөмөлүндөгү аймакка которулуп, андан соң аба аркылуу Орусияга жөнөтүлөт”, – деп билдирди телеканалдын Анкарадагы кабарчысы.

Сириядагы негизги орус контингенттери Латакия шаарына жакын жердеги Хмеймим авиабазасында жана Жер Ортолук деңизинин жээгиндеги Тартустагы аскер-деңиз базасында жайгашкан.

8-декабрда өкмөткө каршы топтордун согушкерлери Дамаскка кирип келип, президент Башар Асаддын бийликтен кулатылганын жарыялашкан. Ал өлкөдөн чыгып, Орусиядан башпаанек алган. Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, Асад куралдуу кагылыштын катышуучулары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, өлкөдөн чыгып кетүүнү чечкен.

Сириянын премьер-министри Мухаммед Гази ал-Жалали элдин өкүлү болгон бардык шайланган өкмөт менен кызматташууга даяр экенин билдирди. «Бул өлкө коңшулары жана дүйнө менен жакшы мамиледе болгон нормалдуу өлкө болушу мүмкүн, бирок бул маселе жаңы жетекчиликтен көз каранды. Биз алар менен кызматташууга даярбыз», – деди ал.

Буга чейин Орусиянын Тышкы иштер министрлиги “Сириядагы орус аскерий базалары жогорку даярдыкта” жана “алардын коопсуздугуна олуттуу коркунуч жок” деп билдирген.