Маалымат каражаттары сионисттик режим Ливандын “Хезболла” кыймылы менен ок атышпоо келишимин кайрадан бузуп, өлкөнүн түштүгүндөгү аймактарга чабуул жасап, бир ливандык каза таап, бир нечеси жарадар болгонун кабарлады.
“Аль-Жазира” (Al-Jazeera) телеканалы Израил армиясы Ливандын түштүгүндөгү Эйнат шаарындагы имаратка абадан сокку урганын кабарлады.
Ливандын Саламаттыкты сактоо министрлиги да үйгө кол салуудан бир ливандык киши каза болуп, бир нечеси жарадар болгонун билдирди.
Израил армиясы мындан тышкары “Бейт-Лив” конушуна учкучсуз учак менен чабуул жасады.