Кыргызстандын Тышкы иштер министринин орун басары Темирбек Эркинов жетектеген жогорку даражалуу экономикалык делегация Ирандын Деңиз порттору жана кемечилик уюмунун жетекчиси Али Акбар Сафаи менен жолугушту.
IRNA агенттиги маалымдагандай, жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Темирбек Эркинов Бишкек Ирандын түштүк портторунда Евразия экономикалык биримдиги менен биргелешкен логистикалык борбор түзүүгө инвестиция салууга жана Тегеран менен порттук кызматташтыкты өнүктүрүүгө даяр экенин билдирди.
Эркинов Кыргызстан деңизге чыга албаган өлкө катары Ирандын соода порттору аркылуу ачык сууларга чыгуу Бишкектин Иран Ислам Республикасы менен транзиттик жана деңиз кызматташтыгын өнүктүрүү жана бекемдөөдөгү экономикалык стратегияларынын бири болуп саналарын белгиледи.
Анын айтымында, Ирандын “Шахид Раджаи” портуна инвестиция жана транзитти жеңилдетүү боюнча Иран менен Кыргызстандын ортосунда сүйлөшүүлөр уланууда.
“Кыргызстан Ирандын кызматташуусу жана катышуусу менен “Шахид Раджаи” портунда логистикалык аймакты түзүү долбоорун ишке ашырууга даяр”, – деди Эркинов.
Кыргызстандын Тышкы иштер министринин орун басары өлкөнүн “Шахид Ражаи” портуна инвестициялары Иран мыйзамдарынын алкагында экспорттук, импорттук жана транзиттик операцияларды жүргүзүү үчүн атайын пункт түзүүгө багытталганын белгиледи.
Ал белгилегендей, Ирандын портторунда транзиттик жана логистикалык борбор түзүү багытында Иран менен Кыргызстандын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык ар кандай транзиттик жана жүк ташуу коридорлорунун алкагында ишке ашырылууда.
Али Акбар Сафаи өз кезегинде Ирандын атайын экономикалык аймактарына инвестиция Иран мамлекети тарабынан колдоого алынганын белгиледи.
“Кыргызстандын жеке сектору Ирандын түндүк жана түштүк портторуна инвестиция салганда Кыргызстандын ишкерлерине жана жүк ташууларына жеңилдиктер каралат. Ирандын портторуна Кыргызстандын жеке секторунун инвестициясынын аркасында өлкөнүн ишкерлери Ирандын порт мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланып, түрдүү өлкөлөр менен соода байланыштарын түзө алышат”, – деди Сафаи.
Кыргызстандын делегациясынын курамында Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Алмаз Тургунбаев, Экономика жана коммерция министринин орун басары Назарбек Малаев жана Юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков да бар.
Делегация Иранга логистикалык аймак түзүү маселеси боюнча консультация жүргүзүү үчүн барган.