Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) кезексиз конгрессинде 2030 жана 2034-жылдары футбол боюнча Дүйнө чемпиондугун өткөрүү пландалган өлкөлөр белгилүү болду.
Эл аралык онлайн конгресске ФИФАнын 211 мүчөсү катышты. Чечимге ылайык, 2030-жылдагы дүйнө чемпионатын Марокко, Португалия жана Испания, ал эми дагы үч оюн Түштүк Америкада – Уругвай, Парагвай жана Аргентинада өткөрүлөт.
ФИФАнын президенти Жанни Инфантино 2030-жылы биринчи дүйнөлүк чемпионаттын жүз жылдыгына арналган салтанат Уругвайда да Centenario стадионунда өтөрүн белгиледи.
“Биз 2026-жылы Түндүк Америкадан Түштүк Америкага 2030-жылы, андан кийин Африка менен Европага, 2030-жылы дагы, андан кийин 2034-жылы Азияга барабыз”,- деди Инфантино.
2034-жылкы Дүйнө чемпиондугун Сауд Аравияда өткөрүү пландалып, анда аймактын климаттык шартына байланыштуу мелдеш кышында өтөт.
Кийинки дүйнөлүк чемпионат 2026-жылы АКШ, Канада жана Мексикада өтөт. Буга чейинки чемпионат 2022-жылы кышында Катарда өткөн.