Гарибабади Гроссинин Израилдин өзөктүк куралы тууралуу моюнга алуусуна комментарий жасады

Ирандын тышкы иштер министринин укуктук жана эл аралык иштер боюнча орун басары Казем Гарибабади МАГАТЭнин башкы директорунун Израил режиминин өзөктүк куралга ээ экенин моюнга алуусуна реакция кылып, агенттиктин Иранга карата кош стандарттарына токтолуп, Гроссинин Ирандын өзөктүк куралды жайылтуу ыктымалдыгы тууралуу билдирүүсү толугу менен профессионалдуу эмес  жана саясатташтырылган позиция экендигин айтты.

Гарибабади X социалдык тармагындагы билдирүүсүндө Гроссинин Израилде өзөктүк куралдын бар экенин таануусу маанилүү жана негиздүү учур экенин баса белгиледи. Бирок бул таануу Гроссинин жана МАГАТЭнин жоопкерчилигин бир топ жогорулатат. Жөн гана таануу жетишсиз; ал бул кылмыштуу режимдин мындай куралдарга ээ болушун айыптоого, аларды жок кылууну жана Израилдин ядролук куралдарды таркатпоо жөнүндөгү келишимге кошулушун талап кылууга тийиш.

Гарибабади Гроссинин  өзөктүк куралдын жайылуу ыктымалдыгы тууралуу билдирүүсүн таптакыр профессионалдуу эмес жана саясатташкан позиция деп атап, МАГАТЭнин башкы директору саясий мотиви бар өлкөлөрдүн саясатчылары сыяктуу эле алдын ала айтууларга жана божомолдорго таянып, каалаганын айта албасын баса белгиледи.

Соңунда Ирандын тышкы иштер министринин орун басары Иран өзүнүн кепилдик милдеттенмелерин аткарып жатканын жана адилетсиз санкциялар күчүндө турганда белгиленгенден катуу көзөмөл чараларын көрбөй турганын белгиледи. Демек, Башкы директор өзөктүк материалдардын кандайдыр бир аныкталган четтөөлөрүн билдире алат, бирок өзүнүн пикиринжана божомолдорун тарата албайт.