Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамптын инаугурация аземине Вашингтонго келбейт. Бул тууралуу америкалык CBS телеканалы билдирди.
Телеканалдын булагы билдиргендей, Трамп 2025-жылдын 20-январында боло турган инаугурациясына Кытай лидерин жана башка чет элдик конокторду, анын ичинде Венгриянын премьер-министри Виктор Орбанды өзү чакырган.
Анткен менен Си Цзиньпинге бейрасмий каналдар аркылуу берилген чакыруу Кытай расмийлери катаал протоколго көнүп калгандыктан, “Пекинди да, АКШнын өнөктөштөрүн да таң калтырды”. Өз кезегинде Кытайдын Вашингтондогу элчилиги да бул маселе боюнча маалымат каражаттарына комментарий берүүдөн баш тартты.
“Кытайдын АКШдагы элчиси жана анын жубайы 20-январдагы иш-чарага катышат деп күтүлүүдө, адаттагыдай эле аларга Пекиндин башка расмий адамдары да кошулушу мүмкүн”, – деп билдирди CBS.