Газада согуш башталгандан бери 1000ден ашуун дарыгер каза болгон

2023-жылдын октябрынан бери Газада 1000 ден ашуун дарыгер каза болду.

Бул тууралуу Газа секторунун саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, Бейт-Лахияда израилдик аскерлер тарабынан өлтүрүлгөн “Камал Адван” ооруканасынын дарыгери Саид Жуданын өлүмү менен Газа тилкесиндеги аскерий операциянын натыйжасында каза болгон дарыгерлердин жалпы саны 1057ге жетти.

Министрлик дагы бир жолу эл аралык укук коргоо уюмдарын палестиналык дарыгерлерге жардам берүүгө жана алар гуманитардык милдеттерин аткарып жаткан ооруканалар менен медициналык кызматкерлердин корголушун камсыз кылууга чакырды.

“Биз дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндөгү бардык дарыгерлерди Газа тилкесинде геноцидге дуушар болуп жаткан дарыгерлерибизге тилектештик көрсөтүүгө чакырабыз”, – деп билдирди Саламаттыкты сактоо министрлиги.

Газа секторунун Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, жаңжал башталгандан бери анклавда жалпы   44 786 адам курман болду, алардын көпчүлүгү аялдар жана балдар. Ошондой эле 106,1 миңден ашууну жаракат алды.