Кыргызстан орточо IQ боюнча 84-орунду ээледи. Статистиканы Эл аралык IQ уюму жарыялады.
Кыргызстандыктардын орточо IQ деңгээлинин коэффициенти 95ти түзүп, 2023-жылга салыштырмалуу жакшырган.
Алсак, 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча өлкөнүн тургундарынын орточо IQ деңгээли 93,46 болгон.
Рейтинг 127 өлкөдөн келген 1 млн 400 миң адамдын тестинин жыйынтыгы боюнча түзүлдү. Бардык респонденттер интеллектуалдык жөндөмдүүлүктөрүн баалоо үчүн бирдей тапшырмаларды аткарышкан.
Кытай орточо IQ боюнча дүйнөдө биринчи, Иран менен Түштүк Корея экинчи жана үчүнчү орунда.
Кытайдын жашоочулары үчүн орточо балл 107,43. Иранда – 106,63, Түштүк Кореяда – 106,57. Төртүнчү жана бешинчи орунду Япония 106,54 упай жана Сингапур 105,25 упай ээлегени маалымдалды.
Белгилей кетсек, 2024-жылы дүйнөлүк орточо IQ 100 деп белгиленген.
Интеллект коэффициенти (IQ) адамдын интеллект деңгээлинин сандык көрсөткүчү: ошол эле курактагы орточо адамдын интеллект деңгээлине салыштырмалуу көрсөткүчү болуп саналат. Бул атайын тесттер аркылуу аныкталат. IQ тесттери билимди эмес, ой жүгүртүү жөндөмүн өлчөө үчүн иштелип чыккан.
Негизи ар бир адамдын өзүнүн интеллект деңгээли болот. Баарыбызда эмнени кыла аларыбыз жана эмнелерди кыла албасыбыз жөнүндө болжолдуу түшүнүк бар.
Бирок бул деңгээлди кантип өлчөө керек?
Бул үчүн сиз IQ тестин тапшырышыңыз керек. Натыйжада, сиз интеллект же IQ деңгээлиңизди көрсөткөн баллыңызды аласыз.