WSJ: Кытайдын лидери белгилүү экономистти жазалоого буйрук берди

Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин атактуу экономист Гао Шанвенди өлкөнүн экономикасы тууралуу айткан сөздөрү үчүн жазалоого буйрук бергенин The Wall Street Journal өз булактарына таянуу менен жазып чыкты.

Декабрда Вашингтондо өткөн конференцияда SDIC Securities башкы экономисти Гао Шанвен Кытай бийликтери ИДПнын өсүү темпин ашыкча баалашы мүмкүн деп айткан.

«Кытайдын экономикалык өсүшүнүн реалдуу цифраларын билбейбиз… Менимче, расмий маалыматтарда 5% дешсе да, акыркы эки-үч жылда ИДПнын иш жүзүндөгү көрсөткүчү 2%дын тегерегинде. Эгер мен туура айтсам, кийинки үч-беш жылда 3%дан 4%ке чейин өсүш темпин күтүү жөндүү. Бирок, расмий сандар дагы эле 5% болот “, – деп белгиледи Шанвен.

Ал кошумчалагандай, ИДПнын өсүшү боюнча маалыматтарды инфляциялоо практикасы пандемиядан кийин башталган жана өкмөттүн экономиканы стимулдаштыруу аракеттери, анын ою боюнча, ийгиликтүү болушу күмөн.

WSJ билдиргендей, бул сөздөр Си Цзиньпиндин кыжырын келтирген. Басылманын булактары Кытай Эл Республикасынын төрагасы Гаого каршы тергөө жана тартиптик чараларды көрүүнү буйруган (кайсылары так көрсөтүлгөн эмес) деп ырасташат. Мындан кийин экономистке эл алдында сүйлөөгө тыюу салынды, бирок ал жумушунан чыга элек.

Кытай бийлигинин расмий маалыматтарына ылайык, өлкөнүн экономикасы 2023-жылы 5,2% өскөн жана 2024-жылдын акырына карата өсүш да ушул эле деңгээлде болору күтүлүүдө. 5% өсүш Си Цзиньпиндин убадаларын аткаруунун ачкычы: 2020-жылы Кытайдын экономикасы 2035-жылга чейин эки эсеге көбөйөт деп билдирди. Бул максатка жетүү үчүн, орточо жылдык өсүш 15 жыл ичинде 5% тегерегинде болушу керек.