Калифорниянын Лос-Анджелес округун каптаган өрттүн кесепетинен кеминде 24 адам каза болду.
Бул тууралуу Fox News телеканалы билдирди.
Курман болгондордун көбүнүн өздүгү азырынча тактала элек. Буга чейин 16 адам каза болуп, дагы 13 адам дайынсыз жоголгондугу айтылган.
https://www.youtube.com/watch?v=JWnHLBkMVSw
Ал эми тилсиз жоонун келтирген зыяны акыркы маалыматтар боюнча 150 млрд. долларга жеткендиги кабарланууда.
Лос-Анджелес округунда алты токой өртү уланууда. Шаардын үстүнөн өрт куюндары көтөрүлүп жатат. Синоптиктер дем алыш күндөрү катуу шамал болуп, өрттү өчүрүү иштерин кыйындатат деп эскертишүүдө.
Өрт буга чейин миңдеген гектар жерди кыйратып, жабыркагандар бар, 130 миңдей тургун эвакуацияланган. Үйүн таштап кетүүгө аргасыз болгон жергиликтүү тургун кырдаалды “Армагеддон” деп мүнөздөйт. Расмийлер тергөөчүлөр аймактарга аман-эсен бармайынча каза болгондордун чыныгы саны белгисиз бойдон кала берерин эскертишүүдө.
Тынч океандагы Палисаддар жана Итон Каньон өрттөрү буга чейин Лос-Анжелестин тарыхындагы эң кыйратуучу өрт катары таанылган. Ушул жана башка нерселер тууралуу көбүрөөк маалымат алуу үчүн видеону көрүңүз.