“Крокус Сити Холлдогу” террорчуларды актаган” деген айып менен кыргызстандык жаран соттолду

Россиянын батыш аймактык аскердик соту 30 жаштагы кыргызстандыкты “Крокус Сити Холл” концерттик залындагы террорчуларды актаганы үчүн күнөөлүү деп таап, аны үч жылга эркинен ажыратты.

ТАСС агенттигинин билдирүүсүнө караганда, сот Абдинасир уулу Бекзатты эркинен ажыратуу өкүмүнөн тышкары эки жылга сайттарды башкарууга тыюу салып, мамлекеттин пайдасына кылмыш жасоо үчүн колдонгон уюлдук телефонун конфискациялаган.

Тергөөнүн жүрүшүндөгү маалыматтарга караганда, ал Телеграм каналдардын бириндеги мигранттардын баракчасында “террорчуларды актаган” комментарий жазган.

Соттун чечимине ылайык, Москва шаарындагы курулуш ишканалардын биринде монтажчы болуп иштеген Бекзат Абдинасир уулу “террордук ишмердүүлүккө интернет аркылуу ачык чакыруу” боюнча айыптуу деп табылган. Эми ал үч жылдык жаза мөөнөтүн жалпы режимдеги абакта өтөйт.

Ошондой эле сот аны камакка алуу учурунда конфискацияланган телефон сим-картасын жок кылууну буюрду.

Ал соттун жүрүшүндө күнөөсүн мойнуна алып, жасаган кылмышына өкүнгөнүн билдирген.

Бирок прокурор аны “төрт жылга” эркинен ажыратууну суранып, сот анын жаза өтөө мөөнөтүнө чейин камакта отурган мөөнөттү “күнгө күн” формуласы менен эсептеген. Азырынча өкүм мыйзамдуу күчүнө кире элек болгондуктан, ал сот чечимине каршы апелляциялык арыз менен кайрылууга укуктуу экени айтылат маалыматта.

Эске сала кетек, 2024-жылы 22-мартта Москва облусундагы “Крокус Сити Холл” концерттик борборунда теракт болгон. Жарылуу учурунда 145 адам каза болуп, ондогон адамдар жаракат алган жана концертке барган адамдардын көпчүлүгү эвакуцияланган. Көп өтпөй төрт тажикстандык жаран Брянск облусунан кармалышып, алардын ар бири 25 жылдан эркинен ажыратылганы боюнча маалыматтар чыккан.

Ал эми Абдинасир уулу Бекзат “теракт жасаган террорчуларды актаган” деген айып менен 2024-жылдын ноябрь айында кармалган.

“Крокус Сити Холлдогу” жардыруудан кийин Орусия бир катар мыйзамдарды кабыл алып, 2025-жылдан тартып күчүнө кирген.

Жаңы кабыл алынган мыйзамдарга ылайык, мигранттарга чектөө киргизилген. Мунун натыйжасында Орусияда эмгектенип жүргөн мигранттардын көбү мекенине кайтса, айрымдары депортатцияланган. Бирок эмгек миграциясында жүргөн кыргызстандыктардын айрымдары Европага багытын өзгөрттү.

Расмий маалыматтарга караганда, учурда Орусияда Кыргызстандын 334 миңдин тегерегиндеги жараны жүрөт.