Таиланддын түштүгүндөгү провинцияларда 23-февралган караган түнү жана эртең менен эки жардыруу болуп, 11 киши, анын ичинде жети полиция кызматкери жарадар болгонун «Nation» гезити билдирди.
Жардыруулар жакында эле Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринин ассоциациясынын (АСЕАН) төрагасы катары Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагимдин кеңешчиси болуп дайындалган Таиланддын мурдагы премьер-министри Таксин Чинаватанын аймакка сапарынын алдында болду.
Маалыматка караганда, ишембиден жекшембиге караган түнү Яла провинциясынын Баннанг Сатха аймагында жергиликтүү дүкөндүн жанында колго жасалган жардыруучу зат жардырылган.
“Жардыруудан 11 адам, анын ичинде жети полиция кызматкери жана төрт жай тургун жарадар болгон”, — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле дагы бир жарылуу жекшемби күнү эртең менен Чинаватанын учагы келмек болгон Наратхиват провинциясынын аэропортунда болгон.
«Аэропортто жабыркагандар жана кыйроолор жок, аймакта коопсуздук чаралары күчөтүлдү, периметри боюнча курчоого алынды», – деп тактайт гезит.
Чинават Таиланддын Малайзия менен чектеш түштүк аймагына келип, жергиликтүү руханий лидерлер менен сүйлөшүү жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрөт. Бул Таиланд өкмөтү менен өлкөнүн Наративат, Яла жана Паттани провинцияларынан турган “алыскы түштүктө” иш алып барган козголоңчу исламдык сепаратисттик кыймылдар менен уюмдардын ортосундагы тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн жаңы сериясынын биринчи кадамы.