Россиянын ТИМ башчысы Иранга барат

Россиянын Тышкы иштер министрлиги Сергей Лавровдун Иранга сапары жакын арада болорун ырастады.

Бул тууралуу Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова билдиргенин ТАСС агенттиги маалымдады.

“Ооба, мындай сапар жакынкы убакытка пландалууда. Расмий датаны бир аз кийинчерээк жарыялайбыз”, – деди дипломат.

Буга чейин Ирандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Эсмаил Багаи Лавров Тегеранга жакынкы күндөрү келерин билдирген.

Анын айтымында, сапар “Иран Ислам Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү жана дүйнөдөгү жана аймактагы окуялар боюнча консультацияларды улантуу” максатын көздөйт. Билдирүүдө ошондой эле Россиянын тышкы иштер министри ирандык кесиптеши Аббас Арагчи жана Ислам Республикасынын башка расмий өкүлдөрү менен да жолугаары белгиленген.

Лавровдун Тегеранга сапары орус-иран мамилесин чыңдоого багытталганын Ислам Республикасынын Москвадагы элчиси Казем Жалали билдирди. Анын айтымында, эки өлкөнүн өнөктөштүгүнүн туруктуулугуна эч кандай тышкы факторлор таасир этпейт.

“Россиянын тышкы иштер министринин Тегеранга сапары эки өлкөнүн ортосундагы тыгыз кызматташтыкты өнүктүрүү жана эки тараптуу мамилелердин кеңири спектри, аймактык жана эл аралык окуялар боюнча жогорку деңгээлдеги диалогду тереңдетүү курсун улантууда. Бул диалог мурда болуп көрбөгөндөй керек”, – деп жазган Жалали X соцтармактагы баракчасына.

Анын айтымында, эки өлкөнүн мамилеси 17-январда Кремлде Россиянын президенти Владимир Путин менен Ирандын президенти Масуд Пезешкян тарабынан кол коюлган Ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк келишиминин аркасында бекемделди. Келишим “кадимки кээ бир окуялар биздин мамилелерге таасир этүүгө жол бербейт” деп эсептейт Иран элчиси.

Жалали белгилегендей, орус-иран мамилелери «тарыхый мүнөзгө ээ, тышкы факторлорго көз каранды эмес, улуттук кызыкчылыктарга негизделген жана тынчтыкка жана өнүгүүгө багытталган».

18-февралда РФ президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Россия менен АКШнын Украинадагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрүнүн башталышы өлкөнүн Иран менен кызматташтыгына таасир этпей турганын билдирген. Ал Россия Иран менен жакшы карым-катнаштарга жана өнөктөштүккө чоң маани берерин жана бул кызматташтыкты өнүктүрүүгө, анын ичинде өзөктүк программага байланыштуу маселелерди чечүүгө ниеттенип жатканын белгилеген.