Орусиянын президенти Владимир Путин АКШнын президенти Дональд Трамптын Орусия, АКШ жана Кытайдын коргонуу бюджетин эки эсеге кыскартуу сунушун колдоп, Орусиянын аскерий чыгымдарын кыскартууга даяр экенин ырастады.
«Биз АКШ менен келишимге келе алабыз. Биз каршы эмеспиз, идея жакшы деп ойлойм. АКШ (анын аскердик бюджетин) 50% кыскартат. Биз да кыскартмакпыз. Андан кийин да КЭР эгер кааласа кошулмак»,- деди Путин ВГТРКнын журналисти Павел Зарубин менен болгон маегинде.
Орусия Федерациясынын башчысы бул «сунуш жакшы» экенин жана бул маселе боюнча талкууга даяр экендигин билдирди.
Февралдын ортосунда Трамп Орусия жана Кытай менен өзөктүк куралды көзөмөлдөө жана үч өлкөнүн тең аскердик чыгымдарын кыскартуу боюнча сүйлөшүү ниетин билдирген.
«Биз бардыгын жөнгө салгандан кийин, мен эң биринчи жолугушууларды Кытайдын төрагасы Си (Цзиньпин) жана Орусиянын президенти (Владимир) Путин менен өткөргүм келет. Мен айткым келет: аскерий бюджетибизди экиге кыскарталы», – деди америкалык лидер.
Трамптын айтымында, бул «өлкөлөр алда канча жемиштүү болгон башка нерселерге жумшалышы мүмкүн болгон көп акчаны коргонууга коротушат».