Лавров Тегеранда Иран менен биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну жана Батыш Азиядагы кырдаалды талкуулады

Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров 25-февралда сапары менен Тегеранга келди.

Ирандын баш калаасында Лавров ирандык кесиптеши Аббас Аракчи жана өлкө президенти Масуд Пезешкиан менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, тараптар эки өлкөнүн соода-экономикалык кызматташтыгын өнүктүрүүнү жана Батыш Азиядагы кырдаалды талкуулашты.

Иранга келгенге чейин Лавров Түркияда болуп, кесиптеши менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөргөн.

Министрдин Тегеранга сапары Ирандын президенти Масуд Пезешкян Москвага барып, 17-январда Россиянын президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөндөн бир ай өткөндөн кийин болуп отурат.

Анда тараптар мунай жана газ тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү, үчүнчү өлкөлөрдүн бири-бирине каршы санкцияларына кошулуудан баш тартуу жана тараптардын бирине кол салуу болсо агрессор өлкөгө жардам бербөө тууралуу келишимге кол коюшкан.

Лавров Пезешкян менен жолугушууда ага РФ президенти Владимир Путиндин «чоң саламын» жеткирип, Москва менен Тегеран январь айында кол койгон Ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк келишими ишке ашырыла баштаганын билдиргенин РИА Новости агенттиги жазды.

РФ тышкы иштер министрлиги маалымдагандай, Лавров Ирандын президенти Масуд Пезешкян жана тышкы иштер министри Аббас Аракчи менен жолугушууда Сирия, Ливан, Ооганстан, Палестина-Израиль кагылышуусу жана Каспий чөлкөмүндөгү кырдаалды талкуулады.

“Учурдагы глобалдык жана аймактык күн тартиби боюнча пикир алмашуунун алкагында Сирия, Ливан, Ооганстан, Палестина-Израиль жаңжал зонасында, ошондой эле Каспий маселесинде өнүгүп жаткан кырдаалга басым жасалды. Ирандын өзөктүк программасы боюнча биргелешкен комплекстүү иш-аракеттер планынын айланасындагы иштердин абалы каралды”, — деп айтылат Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин сайтында жарыяланган билдирүүдө.

Ведомстводон кошумчалагандай, Москва менен Тегеран ар дайым алдыңкы көп тараптуу чөйрөлөрдө, биринчи кезекте ШКУ, БРИКС жана ЕАЭБде натыйжалуу кызматташууну тереңдетүүгө умтулушат. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар орус-иран мамилелеринин бардык спектрин карап чыгышты.

“Ошол эле учурда орус-иран саясий диалогунун өнүккөн мүнөзү жогору бааланып, эки мамлекеттин жетекчилеринин ортосундагы үзгүлтүксүз ишенимдүү байланыштын өзгөчө маанилүүлүгү баса белгиленди. Өз ара пайдалуу соода-экономикалык кызматташтыкты мындан ары кеңейтүү маселелерине, анын ичинде энергетика жана транспорт тармагында артыкчылыктуу биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелерине, анын ичинде январь айында Москвада өткөн жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктарын эске алуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду”, – деп белгиледи Россиянын Тышкы иштер министрлиги.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйытыгы боюнча өз ара кызыкчылык туудурган бардык тышкы саясий чөйрөлөрдө орус-иран активдүү диалогун улантуу макулдашылды.