25-февралда Бишкектеги мейманканалардын биринде Ирандын Кыргызстандагы Маданий өкүлчүлүгү жана “Мутакалим” коомдук аялдар уюму менен биргеликте уюштурган “Аялдардын үй-бүлө жана коомдун адеп-ахлактык негиздерин өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө кошкон салымы” аттуу темада тегерек стол болуп өттү.
Иш-чарага Кыргызстандын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын өкүлдөрү, дипломаттар: Ирандын Кыргызстандагы элчиси Голам Хоссейн Ядегари жана маданий атташеси Абузар Тугани, коомдук ишмерлер, үй-бүлө жана гендердик изилдөөлөр жаатындагы эксперттер, Муфтияттын өкүлдөрү, ирандык аял-окумуштуулар: эл аралык укук илимдеринин кандидаты Фатемех Эбрахими жана социалдык коммуникациялар илимдеринин доктору Фатеме Малехани, ошондой эле салттуу баалуулуктарды коргоо боюнча иш алып барган активисттер катышты.
Негизги маселе – заманбап коомдогу аялдардын орду талкууланды: тактап айтканда, аял канткенде кесиптик өнүгүү менен бирге үй-бүлөнүн камкорчусунун ролун айкалыштыра алат деген тема кеңири талкууланды. Андан сыртрка, “Глобалдык өзгөрүүлөрдүн доорунда моралдык принциптерди сактап калууга мүмкүнбү?”, “Ар кайсы өлкөлөрдө салттуу үй-бүлөлүк баалуулуктарды колдоонун кандай механизмдери бар?”,-деген маселелер каралды.
Ушул жана башка суроолор кызуу талкууга жем таштап, аялдардын үй-бүлөдөгү салттуу ролун жоготпостон гармониялуу өнүгүүсүнүн ирандын тажрыйбасы талкууланды.
Тегерек столдун жүрүшүндө үй-бүлөлүк саясатты ийгиликтүү ишке ашыруунун мисалдары келтирилип, азыркы замандын алдында турган милдеттер талкууланды.
Катышуучулар эл аралык укук жана адеп-ахлак баалуулуктары боюнча илимдин доктору Фатемех Эбрахиминин үй-бүлөнү бекем сактап калуу – ар бир коом үчүн маданий эле эмес, стратегиялык артыкчылык экенине ынанышты.
Үй-бүлөлүк кризис: мамлекетке жана коомго коркунуч
Ааламдашкан азыркы дүйнөдө үй-бүлөлүк институт оор күндөрдү башынан өткөрүүдө. Индивидуализм, сексуалдык эркиндик жана салттуу ролдордун бүдөмүк болушу ажырашуулардын көбөйүшүнө, никелердин төмөндөшүнө жана толук эмес үй-бүлөлөрдүн көбөйүшүнө алып келди. Бул жөн гана социалдык тенденция эмес – бул, коомдун туруктуулугуна таасирин тийгизген системалуу көйгөй.
Америкалык изилдөөчү Стивен Родс «Жыныстык айырмачылыктарга олуттуу мамиле кылуу» аттуу китебинде сексуалдык ыңкылабтын кесепеттери аялдар үчүн оор болгонун белгилеген.
Аялдар убада кылынган эркиндикке жетише алышкан эмес, тескерисинче, зордук-зомбулукка жана социалдык кыйынчылыктарга көбүрөөк дуушар болушкан. Никесиз жашаган аялдар никеси бар аялдарга караганда 5 эсе көп зомбулукка кабылары далилденген.
Ошол эле учурда төрөлүү азайып, жалгыз бой энелердин саны өсүүдө, толук эмес үй-бүлөлөрдүн балдары билим алууда жана социалдык адаптацияда көйгөйлөргө туш болууда.
Америкалык изилдөөлөргө караганда, мындай үй-бүлөлөрдөн чыккан өспүрүмдөр көбүнчө кылмыш жасап, окуусун ташташат. Француз философу Жак Аттали: «Үй-бүлө ураганда мамлекет кыйрайт» деп эскерткени бар.
Бул тенденциялар дүйнөлүк лидерлерди салттуу баалуулуктардын маанисин кайра карап чыгууга мажбур кылууда. Орусиянын президенти Владимир Путин 2024-жылды Үй-бүлө жылы деп жарыялаган.
Италиянын премьер-министри Джорджия Мелони “Кудай, өлкө, үй-бүлө” деген ураанды жайылтып жатса, АКШда жаштар арасында аруулук кыймылдары пайда болууда.
Ирандын Кыргыз Республикасындагы элчиси Голам Хоссейн Ядегаринин айтымында, заманбап технологиялар жана илимдин өнүгүшү аялдар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, алардын коомдун саясий, экономикалык жана социалдык жашоосуна активдүү катышууга шарт түзөт. Бирок, мындай жетишкендиктерге карабастан, көптөгөн өлкөлөрдө аялдар дагы эле мамлекеттин өнүгүшүнө толук салым кошууга бут тоскон чектөөлөргө туш болушат.
«Тарых көрсөткөндөй, аялдардын укуктарын таануу процесси узакка созулган: 100-150 жыл мурун Батыш өлкөлөрүндө, анын ичинде Улуу Британияда жана Францияда аялдар шайлоо укугуна ээ болгон эмес жана саясий турмушка катышкан эмес. Акыркы кылымдарда гана тең укуктуулукка жетишти. Ошол эле учурда ислам дини Курани Каримде 1400 жыл мурун белгиленгендей, башынан эле эркек менен аялдын тең укуктуулугун жар салып, алардын бири-биринен артыкчылыгы такыбалыктын деңгээли менен гана аныкталарын баса белгилеген», – деп белгиледи ирандык дипломат.
Ал белгилегендей, аялдар ислам коому түптөлгөн алгачкы күндөн тартып активдүү роль ойногон. Алар эркектер менен бирге Пайгамбарга ант беришкен, бул алардын жамааттын жашоосуна бирдей катышуусун билдирген.
«Бүгүнкү күндө аялдардын, өзгөчө илим жана билим чөйрөсүндө өз ара аракеттенүүсүн күчөтүү коомдун туруктуу өнүгүүсүнө карай маанилүү кадам болуп калышы мүмкүн. Мен тегерек столдун уюштуруучуларына ыраазычылык билдирем жана мындай жолугушуулар кызматташтыкты чыңдоого жана аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө салым кошот деп ишенем», – деп сөзүн жыйынтыктады Ядегари.
“Дүйнөдөгү бардык нерсе Улуу Жараткандын каалоосу менен болот. Үй-бүлө курууда, каада-салттарды сактоодо, коомду калыптандырууда, мамлекет курууда жана башка көптөгөн нерселерде аялдардын жашообуздагы орду чоң”,-дейт КР Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын өкүлү.
«Келечек муунду калыптандырууда, тарбиялоодо, үй-бүлөлүк, адеп-ахлактык баалуулуктарды сактоодо аялдардын орду чоң. Балдарыбызга көбүрөөк убакыт бөлүп, жалпы келечегибизге баа жеткис салым кошуп жаткан энелер», – деп жыйынтыктады ислам аалымы.
Түз сүйлөшүү — ар түрдүү тармактарда өлкөлөрдүн жана элдердин ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү чыңдоонун эң маанилүү куралы. Заманыбыздын негизги көйгөйлөрүнүн бири – аялдардын коомдогу орду, деп белгиледи өз сөзүндө Ирандын Кыргызстандагы Маданий өкүлчүлүгүнүн башчысы Абузар Тугани.
«Буга байланыштуу биз Ирандан эки илим докторун, университеттин профессорлорун чакырдык: Ислам маданияты жана байланышы уюмунун аялдар жана балдар маселелери боюнча кеңешчиси Фатима Эбрахими айым жана “Аз-Захра” университетинин профессору жана ушул эле университетинин окутуучусу, бейөкмөт уюмдун активисти Фатима Малехани айым келди. Бүгүнкү тегерек столго презентацияларды даярдашканы үчүн аларга терең ыраазычылык билдирем. Бул жолугушууну уюштурууга көмөк көрсөткөн “Муттакаллим” уюмунун төрайымы Жамал Фронтбек кызы айымга өзгөчө ыраазычылык билдиребиз.
Муттакаллим перс тилинен которгондо “сүйлөөчү” дегенди билдирет жана уюмдун аталышы анын чыныгы картинаны көрсөтүү жана маалымат каражаттарынын жалган маалыматтарга каршы туруу үчүн түз байланыш түзүү максатын чагылдырат. Бүгүнкү иш-чара бири-бирибизди тереңирээк түшүнүүнүн башталышы болот деп ишенем», – деп жыйынтыктады маданият атташе.
Батыш өз каталарын түшүнүп жатабы?
Феминисттик кыймылдар жана ЛГБТнын активдүүлүгү өз таасиринин туу чокусуна жеткен Батышта да салттуу баалуулуктарга кайтып келүүнү жактаган чакырыктар чыгып жатканы маанилүү.
Венди Шалиттин «Жакшы болуу анча жаман эмес» же Нэнси Ли Демостун «Сүйүү дүйнөсүндөгү аялдык» сыяктуу китептери сексуалдык эркиндиктин кесепеттеринен көңүлү калган аялдардын жаңы мууну үчүн кандайдыр бир манифест болуп калды.
Америкалык социологдор да жаштардын арасында ар-намыс үчүн кыймылды калыптандыруу жөнүндө айтып жатканы бекеринен эмес. Адамдар үй-бүлөнү жана адеп-ахлакты сактоо бул жөн гана диний догма эмес, коомдун гармониясына салым кошо турган акыл-эстүү тандоо деген тыянакка келе жатышат.
КР Жогорку Кеңешинин экс-депутаты Евгения Строкованын айтымында, Америка Кошмо Штаттарынын өкүлү болгон Батыш ар кандай субмаданияттардын идеяларын жайылтуу менен биздин маданиятыбызга жана каада-салтыбызга зыяндуу жана кыйратуучу таасирин тийгизген өзүнүн баалуулуктарын таңуулоого тынымсыз аракет кылууда.
«Батыштын 40 жылдык кысымына (экономикалык) карабай, ички потенциалы жана ресурстары менен илимин, билимин, өнөр жайын өнүктүрө алган Ирандын тажрыйбасы биз үчүн пайдалуу. Биз да өзүбүзгө жагымдуу учурларды бөлүп алып, баалуулуктарыбызды, салттарыбызды эске алуу менен ушундай тажрыйбаны өздөштүргөнгө аракет кылышыбыз керек», – деп белгиледи экс-депутат.
Аялдар салттуу баалуулуктардын коргоочулары
Үй-бүлөнү жана маданиятты сактоодо аялдар ар дайым негизги ролду ойноп келишкен. Бирок, заманбап коом аялдарга үй-бүлө же карьера деген тандоону коет. Иранда салт менен прогресстин ортосундагы тең салмактуулукту таба алганы айтылат.
ФатемеЭбрахими, эл аралык укук илимдеринин кандидаты, Иран Ислам Республикасынын Маданият жана Ислам министрлигинин Ислам маданияты жана байланыштар уюмунун Аялдар ортосундагы эл аралык маданий байланыштарды өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы жана бул уюмдун жетекчисинин кеңешчиси.
Аял бир эле учурда эне, илимпоз, саясатчы, коомдук лидер боло алаарын бул өлкөнүн мисалы көрсөтүп турат. Ирандык аялдардын жетишкендиктери таң калтырат:
Билим берүү тармагында: Ирандын университеттеринин студенттеринин 60%дан ашыгы аялдар, ал эми аялдардын сабаттуулугу 99,3% жетти.
Илимде: Ирандагы ойлоп табуучулардын 24%ы аялдар (дүйнөлүк көрсөткүч 14%).
Медицинада: Ирандагы дарыгерлердин 49%ы аялдар, гинекология боюнча адистердин 98%ы аялдар.
Саясатта: Өлкөдө 1121ден ашык аял сот бар жана мамлекеттик кызматкерлердин 25,2%ын аялдар түзөт.
Спортто: Ирандык спортчу кыз-келиндер эл аралык мелдештерде 3302 медаль утуп, дүйнөлүк спорт федерацияларында 97 эл аралык позицияны ээлеп турушат.
Мындан тышкары, Иран аялдар үчүн диний билим берүүнү активдүү өнүктүрүүдө. 500 ислам институтунда 60 000 кыздар окуйт жана Аль-Захра Ислам Университети 25 000ден ашык студентти бүтүргөн. Бул руханий жана академиялык билимди айкалыштыруунун маанилүүлүгүн көрсөтөт.
“Муттакаллим” аялдардын прогрессивдүү коомдук бирикмесинин жетекчиси Жамал Фронтбек кызы Кыргызстандагы аялдарга коомдук демилгелердин деңгээлинде мүмкүнчүлүк түзүү боюнча көрүлүп жаткан чараларга токтолду.
Жамал Фронтбек кызы, “Мутакалим” элдик укуктар коомдук бирикмесинин төрайымы
Аялдардын “Мутакалим” коомдук бирикмеси Кыргызстандагы, айрыкча постсоветтик мейкиндиктеги аялдардын алгачкы диний уюму болуп калды.
1996-жылы түзүлгөн уюм үч жыл бою каттоого алууда олуттуу кыйынчылыктарга туш болгон.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө Мутакалим светтик жана диний жамааттардын ортосунда көпүрө болуп, аялдардын лидерлигин бекемдөө, аялдардын укуктарын коргоо жана коомго интеграциялоо багытында иш алып барууда.
2024–2028-жылдарга карата уюмдун негизги иш багыттары төмөнкүлөрдү камтыйт:
— Саламаттыкты сактоо, билим берүү жана укук жаатында аялдардын лидерлигине көмөк көрсөтүү.
— Тынчтык курууну өнөктүгүн өркүндөтүү жана радикализмди алдын алуу, патриотизмди жана коомдук биримдикти калыптандыруу.
— Аялдарга экономикалык жана санариптик өзгөрүүлөр тармагында колдоо көрсөтүү, анын ичинде финансылык сабаттуулукту жоюу боюнча окутуу иштерин жүргүзүү, ишкердикти өнүктүрүү жана жумуш орундарын түзүү.
Аталган уюмдун ишинин ажырагыс бөлүгү катары кайрымдуулукту өнүктүрүү болуп саналат.
Уюм 11 филиалы менен өлкө боюнча аялдар менен активдүү иш алып барат, ошондой эле камактагы аялдар менен алардын коомго кайра аралашуусуна жардам берүү үчүн иш алып барат.
Бул уюмдун иштеп келе жаткан убактан берки, айрыкча 2007-жылы мусулман аялдарынын паспортко жоолук менен сүрөткө түшүүгө расмий уруксат алуусу чоң жеңиш болгонун белгилешет. Бул процесс үч жылга созулуп, анда 300 миң кол топтолгон.
Мутакалим ошондой эле тигүүчүлүк, кондитердик азыктарды жасоо, финансылык сабаттуулук жана насаатчылык боюнча курстарды сунуштоо менен аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатууга активдүү көмөктөшөт. Бул жылдар аралыгында миңдеген аялдар билим алып, 30дан ашык тигүү жана 10 кондитердик цехтер ачылды.
Радикализацияны алдын алууга өзгөчө көңүл бурулууда. 2014-жылдан бери уюм мамлекеттик органдар менен биргеликте согуштук аймактардан кайтып келген жарандардын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келет. Бул багытта аялдардын укуктук жана жарандык сабаттуулугун жогорулатууга багытталган Лидерлик академиясынын программасы маанилүү роль ойногон.
Алардын мындан башка негизги долбоорлоруна – имамдарды жана медресе мугалимдерин үй-бүлөнү пландаштыруу жана репродуктивдүү ден соолук боюнча окутууларды жүргүзүү, дени сак коомду куруу үчүн жаштар менен иштөө кирет.
Уюм БУУ жана Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы менен өнөктөштүктө үй-бүлөлүк баалуулуктар, гендердик жана жарандык тарбия маселелери боюнча окуу материалдарын жана видеороликтерди тартуу менен активдүү алектенет. Ошентип, Мутакалим Кыргызстандагы аялдар үчүн билим берүү, социалдык өнүгүү жана руханий өсүү багытында колдоо көрсөтүүчү маанилүү аянтча болуп саналат.
Тамырын үзбөй өнүгүүгө…
Фатемех Малекхани, социалдык коммуникациялар илимдеринин кандидаты.
Батыштан Иранга келген көптөгөн аялдар бул жакта үй-бүлө менен карьераны айкалыштырып кетсе боло турганын көрүп таң кылашыт.
Демек, бул нерсе – аялдардын ийгилиги салттуу баалуулуктардан баш тартуу менен гана мүмкүн болот деген таңууланган идеяны жокко чыгарат.
Түштүк Юта университетинин англис тили боюнча окутуучусу, профессору Брайс Кристенсен өзүнүн «Ажырашсак жок болобуз: Үй-бүлөнүн келишпестиги жана Американын бузулушу» аттуу китебинде үй-бүлөнүн алсызданышы коомдун деградациясына алып келерин белгилейт. Салттуу баалуулуктар жөн гана маанилүү эле эмес, алар келечек үчүн өтө керек нерсе.
АКШнын президенти Дональд Трамп алтургай Ак үйдө Ыйман кеңсесин түзүп, өзүнүн саясатында үй-бүлөлүк баалуулуктарга шек келтирген деструктивдүү идеологияларга каршы чыкканы белгилүү. Үй-бүлөнү институт катары сактоонун маанилүүлүгүн прагматикалык саясатчылар деле түшүнөрүн көрсөтөт.
Корутунду
Бүгүн дүйнө айрылыш жолдо турат. Же коом салттуу баалуулуктарды жок кыла берет, же үй-бүлөсүз туруктуу келечекти куруу мүмкүн эмес экенин түшүнөт.
Бул процессте аялдар негизги ролду ойношот: алар келечек муунга маданий жана адеп-ахлактык баалуулуктарды өткөрүп беришет.
Тарых көрсөткөндөй, эч бир коом бекем пайдубалсыз жашай албайт, ал пайдубал – үй-бүлө болуп эсептелет. Үй-бүлөлүк баалуулуктардын эрозиясы мамлекеттин алсызданышына, адеп-ахлактын идеологиялык эксперименттер менен алмаштырылышы социалдык деградацияга алып келет.
Ирандын мисалы, ошондой эле Европадагы жана АКШдагы жаңы тенденциялар салттуу баалуулуктар кайрадан актуалдуу болуп жатканын көрсөтүп турат.
Келечек – прогресс менен үй-бүлөнү сактоонун ортосундагы тең салмактуулукту сактай алгандарга таандык, демек, бул маселеде аялдын ролу чечүүчү болот.
Көптөгөн өлкөлөр өздөрүнүн тандоосун жасашкан. Азыр, сыягы, салттуу баалуулуктар жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн сыноосун баштан өткөрүүдө.
Француз философу Жак Аттали жазгандай: «Үй-бүлө кыйраса, мамлекет кыйрайт. Анткени келечекти ойлогон эч ким болбой калат”.