Лавров менен Аракчинин жолугушуусу: Орусия менен Иран стратегиялык кызматташтыкты бекемдөөдө

25-февралда  Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров расмий сапар менен Тегеранга барган. Сапардын алкагында ал ирандык кесиптеши Аббас Аракчи менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү, ошондой эле Ирандын президенти Масуд Пезешкиандын кабыл алуусунда болду.

Талкуунун негизги темалары эки тараптуу мамилелерди чыңдоо, мунай-газ тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү жана эл аралык маселелер боюнча аракеттерди координациялоо болду.

Ирандын президенти менен жолугушуу

Ирандын президенти Масуд Пезешкиан менен жолугушууда тараптар мурда кол коюлган Ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк келишиминин аткарылышын талкуулашты.

Энергетика тармагындагы өз ара пайдалуу байланыштарды кеңейтүүгө жана эки тараптуу сооданын көлөмүн көбөйтүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

Лавров эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык байланыштарды чыңдоого салым кошкон мунай жана газ тармагындагы биргелешкен долбоорлордун маанисин баса белгиледи.

Ирандын тышкы иштер министри менен сүйлөшүүлөр

Аббас Аракчи менен жолугушууда эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер, анын ичинде Сириядагы кырдаал жана Ирандын өзөктүк программасынын келечеги талкууланды.

Тараптар аймактагы стабилдүүлүккө жетишүү үчүн дипломатиялык аракеттерди улантуу зарылдыгын белгилешип, эл аралык аренада аракеттерди координациялоонун маанилүүлүгүн баса белгилешти.