“Күрддөрдүн жумушчу партиясы” Түркия менен ок атышууну токтотууну жарыялады

Түркияда террордук уюм деп таанылган “Күрддөрдүн жумушчу партиясы” (PKK) камактагы лидери Абдулла Өжаландын чакырыгына жооп катары Түркия менен ок атышууну токтотууну жарыялаганын РИА Новости агенттиги жазды.

Түркиядагы күрддөрдүн таламын талашкан DEM партиясынын өкүлдөрү 27-февралда өмүр бою эркинен ажыратылган “Күрддөрдүн жумушчу партиясы” (PKK)  лидери Абдулла Өжаландын бул топтун согушкерлерине куралын таштоого жана ишмердүүлүгүн токтотууга чакырган кайрылуу катын окуп беришти.

Мындан улам Күрддөрдүн куралдуу отряды PYD (Демократиялык союз партиясы) Түркияда саясий ишмердүүлүк жүргүзүүгө уруксат берилсе, куралын таштоого даяр экендиктерин билдиришти.

Түрк өкмөтү “Күрддөрдүн жумушчу партиясынын” жоюлушу эки-үч айга созулат деп күтүп жатканын  CNN Turk өз булактарына таянуу менен билдирди.

“Биз (Өжаландын – ред.) чакырыгынын мазмунуна макулбуз жана биз өз тарабыбыздан анын талаптарын сактайбыз жана аткарабыз деп билдиребиз. анын талаптарын өз тарапыбыздан байкап, аткара турганыбызды билдиребиз. Ишембиден тарта ок атышпоо жарыялайбыз”, – деп Түркиянын AHaber телеканалы PKKнын лидерлик комитетинин билдирүүсүн келтирет.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган жума күнү “Күрддөрдүн жумушчу партиясын” жоюу чакырыктарынан улам өлкөдө террорсуз “жаңы барак ачылганын” билдирди.

Өжаландын PKKга абактан мындай чакырык жасаганы биринчи жолу эмес. Түркияда PKK менен куралдуу кагылышуу 1984-жылы башталып, 2015-жылы кайра жанданган.

Өмүр бою эркинен ажыратылган Күрддөрдүн жумушчу партиясынын (PKK) лидери Абдулла Өжалан 1999-жылдан бери Имрали аралында абакта отурат.