Чек ара маселесине бүгүн чекит коюлбаса, ал келечекте ого бетер оорлошот, балким эч качан чечилбейт

Соңку учурдагы талкууга түшкөн опул-топул ойлордун арасында, чек ара эч качан бир тараптын кызыкчылыгы менен чечилбей турганы айтылып эле атат.

Бул сөздүн түпкү маанисинде кадимкидей кызыл чеке кызаңдашкан талаш-тартышууга жеткен абалга барып анан алчу жерди алып, берчүнү берип, анан ошол чечимге эки тарап тең макулдугун берип, кол алышып ошо менен биротоло чек ара маселеси чечилет деген кеп жатат.

Бүгүнкү бийлик келечек муун алдында тарыхый жоопкерчиликти алып, Өзбекстан менен да, Тажикстан менен да чек ара маселесин чечти.

25

Эмнеге?

Себеби чек ара маселесин чечүү жылдан жылга оорлошуп баратат.
Бүгүн өмүрү чек ара эмне экенин билбегендер деле өз пикирлерин айтып, бийликти сынга алып заарын чачса да, соңку бийлик келечек үчүн чек араны чечүүгө милдеттүү.

Бирок мындай тарыхый тобокелдик вазыйпаны алып, айрымдарга жаманатты болуп отурбай эле, Акаев, Бакиев, Отунбаева, Атамбаев, Жээнбековчосунан “чек ара маселесин, мага угузбагыла” деп койсо деле азыркы бийлике жарашмак да.

Эч ким шиш менен сайгылап атпагандан кийин, эл деле унчукмак эмес.

Мисалы, Акаев, Бакиев, Отунбаева, Атамбаев, Жээнбеков бийлиги да чек араны чечүүгө батына алышкан да жок, баш ооруткулары деле келген эмес.

Анын биринчи эле себеби ички коопсуздука байланыштуу болчу.

Экономика элеңдеп, саясат солкулдап, эл кылкылдап атса каяктан чек ара жөнүндө ооз ачат эле.
Душманды алыстан издеп кереги жок дегендей, чек араны чечебиз десең, жок эле дегенде өлкө ичиндеги эле өзүбүздүн бийликти көксөгөн саясий топторго чек ара маселеси табылгыс чоң олжо болуп бермек.
Алар ар бир сөзгө ишене берген баёоо сезим калктын башын айлантып, элди митинг, пикет, төңкөрүшкө түртмөк.

Аягы барып саясий күчтөргө жем болоорун түшүнгөн экс-президенттер, чек ара чечүү маселесинен чегинип жүрүп кетишти аягы.

А мындай жагдайды кыргызда өлкөнүн кызыкчылыгы эмес, өзүнүн керт башын ойлоду деп эле айтат.
Эми жогоруда айтылган тобокелдик азыр деле жоголуп кеткен жок, бар.

Бирок чек ара чечилбесе келечек муун кечирбей турган мындан да маанилүү маселелер бар;

1. Борбордук Азияда Фергана өрөөнү дүйнөдөгү калк жыш жайгашкан жерлердин бири. Калк көп жашаган жерде сөзсүз жер тартыш болот. Фергана тургундарынын дээрлик 70-80% жер айдап дыйканчылык менен алектенгендиктен ар бир жер тилкеси маанилүү.

Ошол эле кезде өрөөндө жакырчылык маселеси 40% түзөт.

Айрыкча 90-чу жылдардагы калктын социалдык-экономикалык абалы Кыргызстанда ички жана сырткы миграцияны күчөттү. Чек арага чектеш жашаган кыргыздар үйлөрүн өзбек, тажик кошуналарга сатып, бир бөлүгү Чүйгө көчүп келсе, бир бөлүгү Россияга көчүп кетип, чек ара маселеси ого бетээр оорлой түштү.

Себеби биздеги миграция маселеси башкалар үчүн экспанцияга жол ачты. Ош жана Баткен облусунда Кыргызстан тарапты көздөй кирип кеткен Өзбек, Тажик айылдары пайда боло баштады. Алар бүгүнкү күндө кыргыздардан үй сатып алдык эмес, жер сатып алганбыз деп түшүнүшөт. А бул бүгүн токтобосо бизди келечекте түз эле Карабах маселесине алып барып такайт.

2. Дыйканчылык болгон жерде суу абадай эле керек. Фергана өрөөнү кургакчыл келгендиктен суу алтынга тете маселе. Айрыкча климаттын өзгөрүшү бүгүн суу маселесин ого бетээр тереңдетип атат.

Мисалы Баткен облусунда союз маалынан калган сугат каналдарын талашып, улут аралык жаңжалдашкан учурлар көп болгон, азыр да болуп турат. Бул да чек ара такталбагандыктан улут аралык жаңжалдашуунун негизги себептеринин бири бойдон калып келген.

Албетте, Өзбекстан, Тажикстан, Кыргызстан суу маселесине келгенде оңой менен бир келишимге келе албайт. Ошентсе да коңшу мамлекеттер менен бир компромисске келип, кыл учундагы маселени азыр кылдат чечип албасак, келечекте бул регионалдык бомбага айланат.

3. 2021-жылы АКШ жана НАТО аскерлери Ооганстандан чыгып кеткенден кийин, Борбордук Азия мамлекеттери үчүн регионалдык коопсуздук маселеси да биринчи планга чыкты.

Өткөн аптада интернет булактарында Талибан бийлигинин аскердик бөлүгүн жетектеген Амануддин Мансуринин “3 күндө Тажикстан бийлигин алып койобуз…” деген тариздеги видео билдирүүсүн көңүл сыртында калтырууга болбойт.

Себеби региондогу социалдык-экономикалык кыйынчылыктар жаштардын радикалдашуусуна алып келүүдө. Эгер экстремизмдин толкуну арбыса, башы Ооганстандан башталып, аягы Казахстандан бүтпөйт деп бүгүн эч ким кепилдик бере албайт. Ошондуктан бүгүн Казахстан бийлиги Тажикстан бийлигине аскердик техникаларды берип отурат.

Муну менен кошо эле бүгүнкү күндө Афган экономикасынын бир бөлүгүн баңгизат түзөт. БУУнун маалыматы боюнча, 2020-жылга чейин Ооганстан дүйнөдөгү героиндин 80%дан көбүн өндүрүп, анын басымдуу бөлүгү Борбор Азия аркылуу Россияга жана Европага жеткен.

Бул коррупциянын, уюшкан кылмыштуулуктун өсүшүнө жана экстремисттик топтордун каржыланышына шарт түзгөн.

Региондо наркотрафиктин мындай гүлдөп атышынын себеби да Фергана өрөөнүндө чек аралардын бекемделбегенинен улам болууда.

Борбор Азия мамлекеттери антитеррордук операцияларды жүргүзүп, ЖККУ жана ШКУ сыяктуу уюмдар менен кызматташканы менен маселе дагы эле курч бойдон калууда.

Ошондуктан эгемен мамлекет катары биринчи кезекте Кыргызстандын чек арасы айрыкча түштүктө темирдей бекем болуусу кажет.

4. Орто Азия мамлекеттеринин ортосунда чек аралары чечилбешин каалаган да сырткы күчтөр бар десем, көбү ишенбейт чыгаар. Бирок чындыгында ошондой. Себеби чек ара маселеси регионалдык саясий оюндарда тышкы күчтөргө чоң курал болуп бере алат.

Чек ара чечүү маселесине жол бербөө үчүн тоскоолдуктарды, балким ачык коркутууларды жасоо геосаясаттагы кадыр эсе эле көрүнүш.

Бул багытта кеп козгосок сөз тереңдеп кете берет.

Ошондуктан ооз ачаардан мурун ойлонуп, салмактап иш кылганыбыз өзүбүзгө да өзгөгө да жакшы болгон турат.

Учурда Кыргыз-Тажик чек арасы чечилип атат.

Бул эки мамлекет ортосундагы маанилүү саясий чечим болгондуктан, такталбаган ар кандай манипуляция маалыматтардан оолак болуубуз азыр абзел. Чек ара маселеси бир адамдын айткан дегени менен эле чечиле берсе, Баткен окуясында баатырларыбыз жер кучактап өлбөйт эле. Жүздөгөн үйлөр өрттөлүп, энелер ымыркайларын көкүрөгүнө кысып борборду көздөй качпайт эле да…

Ошондуктан өнүгөм деген өлкөгө, биринчи элдин анан жердин тынчтыгы биринчи орунда болушу керек.
Ал үчүн чек ара бекем, армия күчтүү болушу керек.

Медербек Шерметалиев