Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келет

Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон 12-мартта Кыргыз Республикасына мамлекеттик сапар менен келет.

Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

“Бул сапардын алкагында сапардын статусуна ылайык салтанаттуу иш-чаралар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев менен эки тараптуу жолугушуулар пландаштырылган.

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмондун Биргелешкен билдирүүсүн кабыл алуу, Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосунда мамлекеттик чек ара жөнүндө Келишимге жана башка эки тараптуу документтерге кол коюу пландаштырылууда”, – деп белгиледи Муратбек Азымбакиев.