Грузиянын соту экс-президент Михаил Саакашвилини өзгөчө ири өлчөмдө бюджеттик каражатты уурдаган деген айып менен тогуз жылга эркинен ажыратты.
Прокуратуранын маалыматы боюнча, 2009-жылдын 1-майынан 2013-жылдын 25-февралына чейин Михаил Саакашвилинин буйругу менен мамлекеттик бюджеттен 9 миллион лари (3,2 миллион долларга жакын) максатсыз чыгымдалган.
Кошумчалай кетсек, Тбилиси шаардык сотунун судьясы Бадри Кочламазашвили Мамлекеттик коопсуздук кызматынын мурдагы башчысы Темур Жанашияны күнөөлүү деп тапкан чечимин жарыялады. Ага 300 000 лари (108 000 доллар) айып салынган.
https://www.youtube.com/watch?v=MikmhRVZbf4
«Иште чет өлкөлөрдөгү алдыңкы клиникаларда көрсөтүлгөн косметикалык кызматтарга кеткен чыгымдар жүз миңдеген лари болуп саналат. Андан тышкары ошол кездеги президенттин билими үчүн бюджетке 60 миң лари төлөгөндүгүн тастыктаган документтер да бар. Бул чыгашаларды өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн жасалган чыгаша катары кароого болбойт», – деди судья.
Белгиленгендей, Михаил Саакашвили буга чейин Сандро Гиргвлианиди өлтүргөндөрдү кечирүү жана депутат Валери Гелашвилинин сабалышы боюнча тагылган алты жылдык жаза мөөнөтүн өтөп жаткан.
Михаил Саакашвилинин абактагы мөөнөтү 2021-жылдын 1-октябрында камакка алынган учурдан тартып эсептелет. Ошондой эле 2007-жылдын 7-ноябрындагы окуялар жана чек араны мыйзамсыз кесип өтүү фактылары боюнча соттук териштирүүлөр уланат.