Акыркы күндөрү Түркияда аба ырайы кескин муздап, акыркы он жылдагы эң төмөнкү температуралар катталууда.
Бул тууралуу өлкөнүн айыл чарба министри Ибрагим Юмаклы Х социалдык тармагында билдирди.
Анын айтымында, 10–12-апрель күндөрү кээ бир аймактарда абанын температурасы -15 градуска чейин төмөндөп, кар жана мөндүр жааган. Мындай үшүк акыркы ирет 2014-жылы катталган.
«Бул жагымсыз аба ырайынын кесепетинен биз 2014-жылдагы ири айыл чарба үшүктөрүнөн кийинки тарыхыбыздагы эң чоң үшүк апаатына туш болуп жатабыз», – деп жазды Юмаклы.
Абанын температурасынын тездик менен төмөндөшү фермердик чарбаларга олуттуу зыян алып келди. Өрүк, жаңгак бактары, жүзүмзарлар, картошка жана пияз талаалары жабыркады. Министрдин айтымында, мамлекет жаратылыш кырсыгынан жабыркаган дыйкандарга жардам берүүгө ниеттенүүдө.