Сириянын Орусиядагы элчиси Башар аль-Жафари Орусия Федерациясынан саясий башпаанек сурады.
Бул маалыматты 14-апрелде ТАСС агенттиги жазган.
Бул анын Дамаскка чакыртылып алынганы тууралуу кабарлангандан кийин болгон.
Бирок Жафари өзү башпаанек сураганы тууралуу маалыматты четке каккандыгын РИА Новости жарыялады.
“Жок, бул кабар такыр туура эмес. Мен мындай билдирүү кайдан келгенине таң калдым”, – деген аль-Жафари агенттик менен телефон аркылуу сүйлөшкөн учурда.
Эскерте кетсек, Сириянын Тышкы иштер министрлиги өткөн аптада Орусиядагы элчисин алмаштыруу чечимин жарыялаган.
Башар аль-Жафари дипломатиялык миссияны 2022-жылдын октябрында, 2024-жылдын декабрына Башар Асаддын режими кулаганга чейин аркалаган.
Буга чейин Сириянын өткөөл өкмөтү чет өлкөлөрдөгү элчиликтерин алмаштырууну баштап, элчи кызматтан кетүү жана Дамаскка келүү зарылдыгы тууралуу билдирүү алган.
Сириянын дипломатиялык миссияларынын башчылары бийликтен кулатылган президент Башар Асаддын ант берген элчиси болуп келишкен. Алардын арасында Башар аль-Жафари да бар.
Мурдагы президент Башар Асаддын өзүнө Орусиядан башпаанек берилген.
Башар аль-Жафари 2006-2020-жылдары Нью-Йорктогу БУУнун туруктуу өкүлчүлүгүн жетектеген. Ал эми 2020-2022-жылдары Сириянын тышкы иштер министринин орун басары болуп иштеген.