ХАМАС кыймылы Израил Газа тилкесине жасаган чабуулдарды токтотуп, аскерлерин бул аймактан чыгарып кеткен шартта, бардык туткундарды бошотууга даяр экенин билдирди.
«Анадолу» агенттигинин маалыматына ылайык, Газадагы ХАМАСтын лидери Халиль аль-Хайя Израил тарабынан сунушталган «жарым-жартылай» ок атышууну токтотуу сунуштарына жооп кайтарды.
Ал билдиргендей, кыймыл Израил сунуштаган жана мөөнөтү бүткөн соң Газага кайра чабуул жасоого шарт түзө турган жарым-жартылай ок атышууну токтотуу сунуштарын четке кагат:
«Биз Израилдин чабуулдарды толук токтотуусун, Газадан толук чыгышын, кайра куруу иштерин баштоону жана блокаданын жоюлушун шарттаган комплекстүү пакет боюнча дароо сүйлөшүүлөрдү баштоого даярбыз», — деди Хайя.
Ошондой эле, ал АКШнын туткундар маселеси боюнча атайын өкүлү Адам Болердин согушту токтотуп, бардык туткундарды бошотуу тууралуу билдирүүсүн кубаттап, бул ХАМАСтын позициясына шайкеш келерин кошумчалады.