Израилдеги ири өрткө байланыштуу 18 киши кармалды

Израилде күндүн катуу ысышынан улам Иерусалим тоолорунда токойдон өрт чыкты. Катуу кургак шамалдын таасиринен улам жалын тез эле Иерусалимдин батышындагы бир катар аймактарга жайылып, өлкөнүн башкы майрамы эгенмендүүлүк жана курман болгон жоокерлерди эскерүү күнүн арналган майрамдык иш чаралар токтотулду.

Тилсиз жоонун кесепети өлкөнүн эгемендүүлүк күнүн белгилөө үчүн даярдалган көптөгөн иш-чараларды жокко чыгарууга мажбур кылды.

Өрттүн кесепети шоссе жана темир жолдордун тосулуп калышына, ошондой эле айрым айылдардан элдердин эвакуацияланышына алып келип, бийлик өрттүн себептерин иликтөөнү баштады.

Премьер-министр Биньямин Нетаньяху 1-май күнү түштөн кийин массалык токой өртүнө себеп болгон 18 шектүү кармалып, камакка алынганын билдирди.

Vesti агенттиги маалымдагандай, 1-майда полиция кызматкерлери Иссавия конушунун (Чыгыш Иерусалим) 19 жаштагы тургунун социалдык тармактарда терроризмге үндөгөн жана өрт коюуга чакырган материалдарды жарыялаган деген шек менен кармашкан. Иликтөөнүн жүрүшүндө полиция шектүүнүн постторун, өлкө боюнча өрт болуп жаткан видеолорду, ошол эле учурда “Оо, шамалды жана отту жөнөтүүчү Аллах, сенин каарың алар үчүн жалындаган тозокко айлансын, аларды коргоо үчүн эч нерсе калбасын”,- деген текстти табышкан.

“Биз өрт коюуга шектелген 18 адамды кармадык. Алардын бири пара менен кармалды. Бул жерди жакшы көрөм деген коңшуларыбыз аны өрттөп жиберүүнү айтып жатышат”, – деди премьер-министр Биньямин Нетаньяху 1-майда Иерусалимде Эл аралык Библия викторинасынын салтанаттуу жабылышында сүйлөп жатып.

Ал эми полиция кызматкерлери 3 киши кармалганын ырастап, калган 15 киши боюнча маалыматтын жоктугун айтышкан.

«Биз премьер-министрдин бул маалыматты кайдан алганын билбейбиз», – деп билдирди полициянын бири Ynet менен болгон маегинде.

Израилдин премьер-министринин кеңсесинин кеңешчиси Дмитрий Гендельман, Иерусалим тоолорунда чыккан өрттөрдү өчүрүү иштеринин уланып жатканын билдирди. Анын айтымында, азырынча өрттүн баары көзөмөлгө алына элек.

“Өрттү өчүрүү операциясы өрт-куткаруу кызматы, полиция, армия жана башка кызматтардын катышуусунда биргелешкен штаб тарабынан координацияланууда. Жеринде күчөтүлгөн куткаруу жана коопсуздук күчтөрү иштеп жатат. Өрт өчүрүүчү учактардын жардамы менен 110дон ашык өрт өчүрүү бригадалары дагы эле жети башка жерге жайылып жаткан өрт менен күрөшүүнү улантышууда”,- деди Гендельман.

Буга чейин Израилге өрт менен күрөшүү үчүн Хорватиядан, Италиядан жана Кипрден өрт өчүрүүчү учактары келери кабарланган.

Өлкөнүн улуттук фондунун маалыматы боюнча, өрт шаршемби күнү эртең менен Израилде 20 чарчы километрге жакын аймак күйүп кеткендигин кабарлаган. Анын жарымынан көбү токой болгон.

Дагы бир израилдик тергөөчүнүн айтымында, кармалган шектүүлөрдүн бири Иерусалимдин түштүгүндө өрт коюуга аракет кылган.

Бул боюнча тергөө иштери уланууда жана эксперттер мурда жетүүгө мүмкүн болбогон өрт чыккан жерлерге жетиши керек. Ошол эле учурда өрттүн башталышын жазып алган видеокөзөмөл камераларды текшерүү керек.

Бул тууралуу Өрткө каршы кызматы саат 18:00гө карата билдирип, 1-майга карата өрт болжол менен 20 чарчы километрден ашык токойду жок кылган, анын ичинде Канада паркына жана башка токойлуу аймактарга олуттуу зыян келтирилген. Бул маалымат алдын ала эсептөөлөргө негизделген. Так маалымат бардык өрт толугу менен өчүрүлгөндөн кийин алынат.

Тилсиз жоону өчүрүү учурунда өрт өчүрүү кызматынын 21 кызматкери жабыркаган. Жабыркагандардын бардыгынын абалы жеңил деп бааланууда.

Бул өрт Израилдин тарыхындагы эң ири өрт деп аталууда.