Иран ядролук программа боюнча мунасага келүүгө даярбы?

Тегеран Ирандын ядролук программасы боюнча кризисти жөнгө салуу максатында Вашингтон менен кыйыр сүйлөшүүлөрдү улантууга даяр жана учурда ортомчулук ролун аткарып жаткан Оман тараптан кийинки жолугушуунун датасы менен ордун күтүп жатат.

ТАСС агенттигинин маалыматына ылайык, бул тууралуу Ирандын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Эсмаил Багаи билдирди.

«3-майда өткөрүлмөкчү болгон сүйлөшүүлөрдүн кезектеги айлампасы ортомчунун демилгеси жана эки тараптын макулдугу менен жылдырылган. Бул сүйлөшүүлөрдүн келечегине токтолсок, Иран учурда Оман тараптан кабар күтүп жатат. Биздин омандык достор убакыт менен ордун макулдашат жана биз өз убагында маалымдалабыз», — деди Багаи басма сөз жыйынында.

Анын айтымында, Тегеран өзүнүн ядролук программасына байланыштуу бардык маселелерди дипломатиялык жол менен чечүүгө даяр экенин буга чейин далилдеген.

«Эгер АКШ Иранда атомдук бомба болбосун кааласа жана бул боюнча чынчылдык көрсөтсө, көп маселелерди чечүүгө болот», — деп кошумчалады ирандык дипломат.

АКШ менен Иран Омандын ортомчулугу менен Ислам Республикасынын ядролук программасына байланыштуу кризисти жөнгө салуу боюнча үч айлампа сүйлөшүү өткөрүшкөн. Биринчи сүйлөшүү 12-апрелде Маскат шаарында, экинчиси 19-апрелде Римде, үчүнчүсү 26-апрелде кайра Маскатта өткөн. Иран делегациясын Тышкы иштер министри Аббас Арагчи, АКШ делегациясын президенттин атайын өкүлү Стивен Уиткофф жетектеген.