Израилге келген АКШнын президенти Дональд Трамп Кнессетте (Израиль парламенти) сүйлөгөн сөзүндө Газадагы жаңжал аяктаганын жарыялап, палестиналык ХАМАС кыймылы Газадагы тынчтык планында каралган куралдарды тапшыруу пунктун аткарууга макул болгонун билдирди.
“ХАМАС куралсыздануу планын ишке ашырууга макул болду”, – деди Трамп.
Ак үйдүн башчысы парламенттин меймандар китебине жазуу калтырып, бул күндү улуу күн деп атады. Ал Газа тилкесиндеги жаңжал аяктаганын дагы бир жолу кайталады.
Трамп Израилге бүгүн эртен менен келди. Ал Израиль парламентинде сөз сүйлөйт, андан соң 20дан ашуун өлкөнүн лидерлери катыша турган Газа тилкесиндеги согушту токтотуу боюнча саммитке катышуу үчүн Египетке барат.
Бүгүн эртең менен ХАМАС аман калган бардык израилдик барымтадагыларды (20 киши) Израилге өткөрүп берген. Каза болгондордун сөөгү кийинчерээк тапшырылат.
Ок атышууну токтотуу жараяны
Израиль менен ХАМАСтын туткундарды алмашуусу АКШ президенти Дональд Трамптын Газада тынчтык орнотуу боюнча планынын алкагында өтүп жатат.
Газадагы салгылашуулар 10-октябрда түштөн кийин токтогон. Ага чейин ХАМАС менен Тель-Авив жаңжалды токтотуу планынын биринчи этабын ишке ашырууну макулдашкан.
Сентябрь айында Ак үй 20 пункттан турган планды жарыялаган. Ага ылайык, ХАМАС анклавды башкарууга катышпоого макул болушу керек. Тынчтыкта жанаша жашоону колдогон жана куралын тапшырган анын мүчөлөрүнө мунапыс берилет. Бирок Израил Газаны басып албашы жана аннексиялабашы керек.
ХАМАС бардык барымтадагыларды бошотууга жана өлгөндөрдүн сөөгүн тапшырууга макул болгон, ал эми Тель-Авив өз күчтөрүн макулдашылган тилкеге чыгарып, жүздөгөн палестиналыктарды, анын ичинде терроризм үчүн өмүр бою эркинен ажыратылгандарды түрмөдөн бошотууга макул болгон.
Келишимге 9-октябрда Египеттин Шарм-эш-Шейх шаарында кол коюлган.
2023-жылдын 7-октябры күнү эртең менен ХАМАС кыймылы Израилге каршы “Аль-Акса бороону” деп аталган ири масштабдуу операцияны баштаган. Анын жоокерлери Израилдин түштүк аймактарына кирип барып, 250дөй адамды барымтага алышкан. Алар ракеталарды, бульдозерлерди, мотоциклдерди, парапландарды жана кайыктарды колдонушкан. Алгачкы эки күндүн ичинде Израиль армиясы (ЦАХАЛ) менен ХАМАС жоокерлеринин ортосунда катуу салгылаш болгон.
Израиль тараптын маалыматына ылайык, ошол күнү болжол менен 1 200 адам каза болуп, 3 000ден ашууну жаракат алган. Барымтага алынгандардын жалпы саны 253 адамды түзгөн.
Окуядан кийин Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху бул абалды “согуш” деп атап, “Темир кылыч” аттуу жооп операциясын баштаганын жарыялаган. Ошол эле күнү Израиль артиллериясы жана аба күчтөрү Газа тилкесин массалык түрдө бомбалоого киришкен.