Ооганстандын түндүгүндөгү Балх провинциясынын борбору Мазари-Шарифтеги “Алинин күмбөзү” деген ат менен белгилүү болгон дүйнөгө белгилүү Көк мечит жер титирөөдөн жарым-жартылай талкаланганын ооганстандык AVA-press маалымат порталы билдирди.
Көк мечит – Мазари-Шарифтин символу жана визиттик картасы: кээ бир маалыматтар боюнча ал төртүнчү халиф, Мухаммед пайгамбардын күйөө баласы жана аталаш бир тууганы Алинин көмүлгөн жерлеринин бири болушу мүмкүн.
“Роза-е-Шариф күмбөзүнүн коопсуздук кызматкерлери биздин кабарчыга кечээги жер титирөөдөн улам күмбөздүн сырткы фасадынын бөлүктөрү урап түшкөнүн айтышты. Алардын айтымында, плиткалар менен мунаралардын бир бөлүгү кулап түшкөн”, — деп айтылат маалыматта.
Кызматкерлердин айтымында, күмбөздүн ички бөлүктөрү жана негизги мамычалары эч кандай зыян тарткан жок.
Ооганстандагы жер титирөөдөн кеминде 20 адам каза болуп, 320 киши жарадар болгонун Ооганстандын Саламаттыкты сактоо министрлигине таянуу менен Reuters агенттиги билдирди.
Европа-Жер ортолук деңиз сейсмологиялык борборунун маалыматына караганда, кечээ кечинде Ооганстандын борборунда, Мазари-Шарифтен 45 чакырым чыгыш-түштүк-чыгышта күчү 6,3 баллга жеткен жер титирөө болду. Жер титирөө 10 чакырым тереңдикте болгон.
Эң күчтүү жер титирөө Айбак, Мазари-Шариф жана Маймана шаарларында сезилген. Силкинүү Кабулда, ошондой эле Түркмөнстанда, Тажикстанда, Өзбекстанда, Кыргызстанда, Пакистанда, Иранда, ал тургай Индияда да сезилген.