Э. Байсалов: Биз миллиондогон ачка адамдарга жана Палестина элине жардам берүүгө милдеттүүбүз

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Катардын Доха шаарында социалдык өнүгүү боюнча Экинчи дүйнөлүк саммиттин алкагында өткөн “Ачкачылыкка жана жакырчылыкка каршы күрөшүү” боюнча глобалдык альянстын лидерлеринин биринчи жыйынына катышты.

Э. Байсалов саммиттеги сүйлөгөн сөзүндө, Кыргызстан жакырчылыкты жоюу жана бардыгын азык-түлүк менен камсыз кылуу боюнча универсалдуу максаттарды бөлүшүп, ачкачылыкка жана жакырчылыкка каршы күрөшүү боюнча глобалдык альянска кошулганын белгилегендигин министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

“Дүйнө жүзү боюнча жүз миллиондогон адамдар ачкачылыктан, жакырчылыктан жана жокчулуктан жапа чегүүдө. Бул биздин жалпы адамгерчилигибизди жана чечкиндүү жамааттык аракеттерибизди талап кылган трагедия. Биз алардын азап-кайгысын жеңилдетүү үчүн колдон келгендин баарын кылууга милдеттүүбүз. Бирок өзгөчө тилектештик сөздөрү Палестина элине арналат”, – деди Э.Байсалов.

Анын айтымына караганда, алар бүгүнкү күндө 100 пайыз жасалма жол менен пайда болгон ачкачылыкты – эл аралык кылмыштын бир түрүн башынан кечирүүдө.

“Ал миллиондогон адамдар эң элементардык укуктан – жашоо жана тамактануу укугунан ажыратылганына адамзат чыдай албасын баса белгиледи”,- деп айтылат маалыматта.

Ачкачылыкка жана жакырчылыкка каршы күрөшүү боюнча глобалдык альянс 2024-жылы Рио-де-Жанейродо өткөн G20 саммитинде БУУнун №1 “Жакырчылыкты жоюу” жана №2 “Ачкачылыкты жоюу” туруктуу өнүгүү максаттарын илгерилетүү үчүн түзүлгөн. Учурда анын курамына 104 мамлекет кирет.