БУУ: 2024-жылы дүйнө боюнча 670 миллиондон ашуун адам ачарчылыкка туш болгон

2024-жылы болжол менен 673 миллион адам ачарчылыктан жапа чеккен, мындан тышкары 2,3 миллиард адам азык-түлүк жетишсиздигине туш болгон. Бул тууралуу БУУнун Башкы Ассамблеясынын (БА) 80-сессиясынын төрайымы Анналена Бербок билдирди.

«Бүгүнкү күндө ачарчылык жана азык-түлүк коопсуздугунун төмөндүгү боюнча көрсөткүчтөр өтө жогору бойдон калууда. 2024-жылы болжол менен 673 миллион адам ачарчылыкка туш болду, ал эми 2,3 миллиардга жакын адам орточо же катуу азык-түлүк тартыштыгын баштан кечирди», — деди ал БУУнун Социалдык өнүгүү боюнча саммитинин алдында Катардын баш калаасында өткөн Ачарчылык жана жакырчылыкка каршы Глобалдык альянстын лидерлеринин алгачкы жолугушуусунда.

Бербоктун айтымында, дүйнөлүк уюм климаттык өзгөрүүлөрдүн натыйжасында пайда болгон «жаңы ачарчылык жана жакырчылык очокторун» каттап жатат. Мисал катары ал 50 жыл мурун пахта өстүрүлгөн Сахель аймагын келтирди.

«Бул – кейиштүү  айлампанын башталышы. Климаттык туруксуздук ачарчылыкка жана жакырчылыкка алып келет. Алар миграция менен жаңжалдарды күчөтөт, ал эми жаңжалдар кайра ачарчылык менен жакырчылыкты тереңдетет», — деди ал. Докладчы ошондой эле ачарчылыкка каршы күрөшүү «жөн гана кайрымдуулук иши эмес, бул коопсуздуктун маселеси» экенин кошумчалады.

4–6-ноябрь күндөрү Дохада БУУнун жана Катар өкмөтүнүн колдоосу менен уюштурулган Экинчи дүйнөлүк социалдык өнүгүү саммити өтүүдө. Жолугушуунун катышуучулары жакырчылыкка каршы күрөшүү, социалдык адилеттүүлүктү чыңдоо жана теңчиликти илгерилетүү чараларын талкуулашат. Бул иш чарага Кыргызстандан вице-премьер-министр Эдил Байсалов катышууда.