Мишустин жана Ли Цяндын жолугушуусунан кийин Россия менен Кытай 15 документке кол коюшту

Россия менен Кытайдын премьер-министрлери Михаил Мишустин жана Ли Цяндын 30-кезектеги жолугушуусунун жыйынтыгында Пекинде биргелешкен коммюникеге кол коюшту.

Россиянын премьер-министринин Кытайга  сапары 3-4-ноябрда болду деп жазат “Ведомости” басылмасы.

Кол коюлган документтердин арасында Россия Федерациясынын Федералдык бажы кызматы менен Кытай Эл Республикасынын Башкы бажы башкармалыгынын ортосундагы Россия – Кытай чек арасы аркылуу ядролук материалдарды жана радиоактивдүү заттарды мыйзамсыз алып өтүүнүн алдын алуу боюнча кызматташуу жөнүндө протоколго өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протокол бар.

“Документте тараптар ар тараптуу өнөктөштүк жана стратегиялык өз ара аракеттенүү жаатындагы орус-кытай мамилелери болуп көрбөгөндөй жогорку деңгээлге жеткенин белгилешти. Бул мамилелер блоктук эмес жана үчүнчү өлкөлөргө каршы багытталган эмес”,- деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, Россия менен Кытай өздөрүнүн негизги кызыкчылыктарына таасир этүүчү маселелер боюнча бекем өз ара колдоосун ырасташкан.

Россия тарап “бир Кытай” принцибине берилгендигин кайталашса, ал эми ал эми кытай тарап Россиянын эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн камсыз кылуу аракеттерин колдогон.

Мындан тышкары, тараптар өз ара сооданын түзүмүн жакшыртуу, электрондук коммерцияны өнүктүрүү жана жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү боюнча макулдашышкан. Ошол эле маалда улуттук валюталар менен эсептешүүлөрдү кеңейтүүгө жана банк кызматташтыгын бекемдөөгө көңүл бурулган.

“Мунай жана газ секторун, атомдук энергетиканы жана кайра жаралуучу энергияны кошо алганда, энергетика тармагында кызматташууну тереңдетүү пландалууда. Тяньвань атомдук электр станциясын жана Сюдапу атомдук электр станциясын куруу улантылат”,- деп кошумчаланган маалыматта.

Тараптар илимий-техникалык чөйрөдө 2026–2030-жылдарга карата кызматташтыктын жол картасын иштеп чыгууну көздөп жатышат. Андан сырткары жасалма интеллектке өзгөчө басым жасалары, анын ичинде Эксперттик кеңешти түзүү жана Кытайдын жасалма интеллект жаатындагы кызматташтык боюнча дүйнөлүк уюмду түзүү демилгеси боюнча биргелешкен иш алып баруу каралууда.