Гросси: Ядролук куралдарды сыноо эл аралык коопсуздукту алсыратат

АКШ президенти Дональд Трамптын ядролук куралдарды сыноо чечими эл аралык коопсуздук жана тынчтык системасын алсыратат, ошондой эле чыңалуунун күчөп жатканын көрсөтөт.

Бул тууралуу Эл аралык атом энергиясы агенттигинин (МАГАТЭ) башкы директору Рафаэль Гросси француз телеканалы LCIге берген маегинде билдирди.

“Менимче, бул — тынчтык жана, балким, ядролук куралдарды таркатпоонун эл аралык системасын алсыратуу. Бул учурдагы терең кризистин көрүнүшү”, — деди Гросси.

Анын айтымында, айрым мамлекеттердин башка өлкөлөрдүн сыноолоруна жооп кылып өз куралдарын сыноосу — бул “күч көрсөтүү оюну” жана өз мүмкүнчүлүгүн даңазалоо аракети.

МАГАТЭ башчысы ошондой эле Трамптын Россия менен Кытай “жашыруун ядролук сыноолорду жүргүзүп жатат” деген айткан сөздөрүнүн чындыгынан күмөн санады.

Ошондой эле ал АКШ тараптын билдирүүлөрүндө тактык жок экенин белгиледи — сөз ядролук жарылуу тууралуу болуп жатабы же жөн гана алып жүрүүчүлөрдү учуруу тууралуубы, азырынча белгисиз. Гросси бул жагдайда ядролук куралдарды таркатпоонун эл аралык режимин сактоого жана БУУнун тынчтык менен коопсуздукту камсыздоодогу ролун кайрадан бекемдөөгө чакырды.

АКШдагы сыноолор

Өткөн жумада АКШ президенти Дональд Трамп Пентагонго ядролук куралдарды дароо сыноону баштоону тапшырган. Ал мындай чечимди Россия менен Кытай өз арсеналдарын дагы деле сыноону улантып жатат деген жүйө менен түшүндүргөн. Бирок кийинчерээк энергетика министри Крис Райт бул сыноолор чыныгы жардыруулар эмес, атомдук жарылууну ишке киргизүүчү компоненттерди текшерүү экенин билдирди.