Кытайда учуучу автоунаалар жасала башталды

Кытайдын XPeng компаниясы учуучу автоунаалардын сыноо өндүрүшүн баштады.

Кытайдын электр унааларын чыгаруучу XPeng компаниясы өлкөнүн түштүк бөлүгүндө жайгашкан заводдо учуучу автоунааларды сыноо өндүрүшүн баштаганын «Синьхуа» агенттиги билдирди.

«XPeng Aeroht — XPeng компаниясынын учуучу автоунааларды өндүрүү боюнча бөлүмү — дүйшөмбү күнү вертикалдык учуп-конуу системасы бар электр автоунааларынын сериялык өндүрүшүнө арналган дүйнөдөгү биринчи интеллектуалдык заводдо сыноо өндүрүшүн баштады», — деп айтылат маалыматта.

Завод Гуандун провинциясынын түштүгүндөгү Гуанчжоу шаарында жайгашкан жана анын аянты 120 миң чарчы метрди түзөт. Ал жерде модулдук Land Aircraft Carrier аттуу автоунаанын биринчи алынуучу электр учуучу аппараты чыгарылды.

Заводдун долбоордук өндүрүш кубаттуулугу жылына 10 миң  авиациялык модулга жетет, ал эми баштапкы этапта жылына 5 миң даана чыгара алат. Толук кубаттуулукта завод жарым саат сайын бир учуучу аппарат чыгара алат деп тактайт агенттик.

https://youtube.com/watch?v=ahR-kRpCLG4%3Ffeature%3Doembed

XPeng Aeroht компаниясынын вице-президенти Ван Тань буга чейин РИА Новости агенттигине билдиргендей, XPeng Aeroht — бул модулдук автоунаа болуп, анын жүк салгыч бөлүгүндө эки адамды абага көтөрө ала турган пилоттук аппарат орнотулган. Анын айтымында, мындай автоунаанын ээси «көздөгөн жерге чейин айдап барып, унаасын токтотуп, жүк салгычтан учуучу аппаратты чыгарып, уча алат».

Ван Тань ошондой эле мындай модулдук учуучу автоунаанын баасы болжол менен 1–2 миллион юань (138–276 миң АКШ доллары) болорун белгилеген. Алгач автоунааны Кытайда сатуу пландалууда, кийин дүйнөлүк рынокко чыгаруу каралууда.

Компаниянын эл аралык байланыштар боюнча башкы менеджери Тан Фэнтиндин айтымында, XPeng Aeroht өзүнүн «жердеги авианосец» деп аталган автоунаасын — жер үстүндөгү жана аба модулдарынан турган системаны — 2026-жылдын биринчи жарымында массалык түрдө чыгарып, жеткирүүнү баштоону көздөп жатат.

XPeng Aeroht Land Aircraft Carrier (LAC) узундугу 5,5 метр, туурасы 2 метр жана бийиктиги 2 метр болгон алты дөңгөлөктүү жол тандабас. Ал интеграцияланган учуучу аппарат менен жабдылган.

Тан Фэнтин белгилегендей, «жердеги авианосец» чоң көрүнгөнү менен кадимки автоунаа токтотуучу жайга батат же жер астындагы паркингге да кире алат.

Автоунаанын ичине төрт адам батат жана отура алат, ал эми учуучу аппарат эки жүргүнчү үчүн эсептелген. Бир аккумулятор менен унаа 1000 чакырымга чейин жүрө алат. Учуу модулу унаанын жүк салгыч бөлүгүндө жайгашкан жана аны бир басуу менен эле бөлүп алуу мүмкүн — бул процесс беш мүнөттөн аз убакытты алат.

Дизайны боюнча LAC америкалык Tesla компаниясынын Cybertruck үлгүсүнө окшош, бирок Тан Фэнтиндин айтымында, XPeng бул дизайнды андан көчүргөн эмес, бирок окшоштук тууралуу суроолор көп болот.