Ирандын Куралдуу күчтөрү Тегеранда өздөрүнүн ракеталык жана учкучсуз учуучу аппараттар (дрондор) тармагындагы жетишкендиктерин көрсөткөн ири көргөзмө уюштурду. Анда акыркы Израиль менен болгон куралдуу кармашта колдонулган ракеталар жана дрондор да коомчулукка көрсөтүлдү.
Көргөзмө Тегеран шаарынын Мехрабад аэропортуна жакын жайгашкан Улуттук аскер-аба паркында өтүп жатат. Көрүүчүлөргө кадимки зениттик куралдан баштап 3 Khordad жана Tabas зениттик ракеталык комплекстерге, баллистикалык ракеталарга жана ирандык учкучсуз учуучу аппараттардын көптөгөн түрлөрүнө чейин түрдүү абадан коргонуу системалары тартууланды.
Келген коноктордун көбүнүн көңүлүн буруп, кызыгуусун жараткан чоң ракеталардын айрымдары мурда эч качан коомчулукка көрсөтүлгөн эмес. Алардын арасында 1 400 чакырым аралыкка уча алган “Rezvan” аттуу суюк отундуу жер-жер классындагы баллистикалык ракета, “Shahab” сериясындагы ракеталар, анын ичинде “Emad” ошондой эле гиперүндүү “Fateh” ракетасы бар.

1 of 16

Иран Ислам революциясынын сакчылары корпусуна караштуу Аэрокосмикалык күчтөрүнүн Улуттук паркынын директору генерал Али Белали билдиргендей, көргөзмөгө коюлган үлгүлөр акыркы 5–6 жылдагы технологиялар экенин айтты. Анын айтымында, көргөзмөгө “Fateh” ракетасынын акыркы үлгүсү коюлган эмес.
Дрондорго арналган өзүнчө бөлмө да уюштурулган. Ал жерде “Shahed” үлгүлөрүнүн дээрлик бардык модификациялары – алгачкы моделдерден тартып жаңы “Shahed-136” жана “Shahed-139” дрондоруна чейин, ошондой эле оор класстагы “Mohajer-6” дрону көрсөтүлүүдө.
Мындан тышкары, көргөзмөгө Иран аба күчтөрү тарабынан атып түшүрүлгөн же колго түшкөн америкалык аскердик техника да коюлган, анын ичинде көп максаттуу MQ-1 Predator учкучсуз учуучу аппараты бар.
Генерал Белалинин айтымында, бул көргөзмө Ислам Республикасынын Аскер-аба жана космос жумалыгына карата уюштурулуп, 14-ноябрга чейин уланат.