Борбор Азиядагы Интеграция 2.0 доорунун аягыбы?

Жакында болуп өткөн Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын Консультативдик жолугушуусунда Азербайжан бул форматка толук кандуу мүчө катары кошулуу чечимин кабыл алынды. Муну менен бул формат Борбор Азиянын гана алкагындагы формат болбой калды, сапаттык жактан жаңы деңгээлге чыкты десек болот.

Чынын айтсам, бул кырдаал мага 2004-жылдын октябрын эске салды. Ошондо Россиянын БАКга (Борбор Азия кызматташтыгы) кошулуусу менен 1990-жылдары башталган Интеграция 1.0 доору аяктаган. Кийинчерээк БАК жоюлуп, ЕврАзЭСке интеграцияланган. Ошентип, аймактагы өлкөлөр регион ичиндеги биримдиктен көрө тышкы интеграциялык долбоорлорго артыкчылык бергенин жана тышкы байланыштарды ички регионалдык байланыштардан жогору койгонун айгинеледи.

Шавкат Мирзиёев бийликке келгени менен Интеграция 2.0 доорунун жаңы романтизми башталган. 2018-жылы Борбор Азия мамлекет башчыларынын Консультативдик жыйындарынын форматы түзүлгөн. Аймактык интеграцияны институционалдаштыруунун базиси болуп берет деген чоң үмүт жана эйфория болгон. Эми бул форматка Азербайжан кошулуп, ал сапаттык жактан өзгөрдү. Бул эми борбор азиялык формат эмес.

Борбор Азия өлкөлөрү дагы бир жолу тышкы интеграциялык долбоорлор регион ичиндеги биримдиктен алда канча артыкчылыктуу экенин жана регионалдык биригүүдө келечекти көрбөй жатканын тастыкташты. Биз Интеграция 2.0 доорунун аяктаганын салтанаттуу түрдө жарыялай алабыз.

Азербайжандын бул форматка кошулуусу Түркиянын, АКШнын жана ЕБнын кызыкчылыгына шайкеш келет. Анткени бул түрк мамлекеттеринин ортосундагы байланышты дагы да бекемдеп, түрк геосаясий мейкиндигин чыңдайт. Түркия бул мейкиндикте лидер болууга умтулат. Ошондой эле бул Түркияга да, ЕБга да региондун ресурстарына кеңири жетүүгө жол ачат. АКШ жана ЕБ үчүн бул Борбор Азиянын фокусун Россияны айланып өтүп, Батышка буруу максаттарына дал келет — алар муну СССР тараган күндөн бери көздөп келет.

Кытайга келсек, бул жагдай эки тараптуу. Бир жагынан, бул Кытайдын кызыкчылыгына шайкеш, анткени “Бир алкак — бир жол” долбоорунун алкагында Кытай транскаспий эл аралык транспорттук багытты өнүктүрүүгө кызыкдар, анда негизги ролду Казакстан жана Азербайжан ойнойт. Экинчи жагынан, Азербайжан менен Түркиянын позицияларынын бекемделиши Кытайдын коопсуздугуна таасир этиши мүмкүн, анткени Борбор Азиядагы түрк аң-сезиминин күчөшү Кытайдын түрк тилдүү аймагы болгон Кызыл-Суу (СУАР) стабилдүүлүгүнө таасир этиши ыктымал.

Россияга келсек, биринчи кезекте Каспий аркылуу жүргөн соода агымы Россияны айланып өтүшү мүмкүн — бул Москва үчүн олуттуу терс фактор. Экинчиден, Россия мурдагы СССР аймагындагы ар кандай интеграциялык процесстерге өтө сезимтал мамиле кылат. Эгер бул форматтар эффективдүү биримдикке айланса, анда Россия өз кызыкчылыгы катары көргөн аймакта таасирин жоготушу мүмкүн. Мындай түзүлүштөр ЕАЭБ, КМШ жана ЖККУ сыяктуу россиялык альянстарга каршы салмак катары каралышы мүмкүн.

Мухаммад Шамсиддинов,

аймактык маселелер боюнча эксперт