Иран акыркы жылдардагы эң оор кургакчылык мезгилин баштан өткөрүп жаткан учурда, жаан-чачын чакыруу максатында булуттарды себүү иштери башталды.
IRNA агенттигинин маалыматына ылайык, булут себүү боюнча биринчи операция өлкөнүн түндүк-батыш аймагында жана Ирандагы эң чоң көл болуп саналган Урмия көлүнүн аймагында жүргүзүлдү. Кийинки операциялар Чыгыш жана Батыш Азербайжан провинцияларында өткөрүлүшү пландалууда.
Бул операция май айынын ортосуна чейин учак же учкучсуз учактар менен уланат.
Буга чейин Ирандын метеорологиялык кызматы өлкө акыркы 50 жылдагы эң кургак күз мезгилин баштан кечирип жатканын билдирген. Көп жылдык орточо көрсөткүчтөргө салыштырмалуу жаан-чачындын көлөмү 89%га азайган.
Алты жылдан берки кургакчылыктан улам суу кризисине кабылган Ирандын баш калаасы Тегерандын тургундары жума күнү 14-ноябрда шаардын түндүгүндөгү атактуу Имамзаде Салех храм комплексинде жамааттык намаз окушуп, жамгыр тилеп дуба кылышты.
Ирандын президенти Масуд Пезешкиан өкмөттүн парламентке жасаган жылдык отчетунда Иранда суу жетишсиздиги бар экенин айтып, 2025-жылы өлкөдө мурдагы жаан-чачындын 3%ы гана жаагандыгын билдирген. Президент буга чейин ноябрдын аягына чейин жамгыр жаабаса, Ирандын борбору эвакуацияланышы керектигин билдирген.
Тегерандагы суу кризисине байланыштуу Иран бийликтери 8-ноябрда түнкүсүн сууну маал-маалы менен өчүрүүгө аргасыз болоорун жана тургундар суу камдап башташы керектигин эскерткен. Тегерандын суу менен камсыздоо компаниясынын башкы директору Бехзад Парса ноябрдын башында борбор калаа акыркы 60 жылда алтынчы жыл катары менен кургакчылыкты башынан өткөрүп жатканын баса белгилеген.
Бирок суу кризиси бир гана борбор калаада гана эмес, 8-ноябрда Fars агенттиги өлкөдөгү 19 суу сактагычы толугу менен кургап кетүү алдында турганын, алардагы суунун запасы 5%дан аз экенин маалымдаган.