АКШ бийлиги өлкө аймагындагы чет өлкөлүктөргө карата текшерүүлөрдү күчөтүп, «бул жерде болууга тийиш эмес» деп табылган адамдардын баарын депортациялайт. Бул тууралуу АКШ президенти Дональд Трамп Ак үйдүн жанындагы ок атышуу окуясынан кийин билдирди. Анын айтымында, ок аткан адам 2021-жылы президент Жо Байдендин администрациясы учурунда Афганистандан Америкага келген.
«Биз эми Байдендин тушунда Афганистандан өлкөгө келген ар бир чет өлкөлүктү текшерүүгө тийишпиз. Ошондой эле ушул жерде болууга тийиш эмес жана өлкөбүзгө эч кандай пайда кошпогон ар бир чет өлкөлүктү — кайсы мамлекеттен келгени маанилүү эмес — чыгаруу үчүн бардык чараларды көрүшүбүз керек. Эгер алар биздин өлкөнү сүйө албаса, биз аларды каалабайбыз», — деди Трамп америкалыктарга жолдогон видео кайрылуусунда.
Ак үй башчысы окуяны «жек көрүү актысы жана террор актысы» деп атап, ок аткан адамды «жырткыч» деп мүнөздөдү. Ал кылмышкер «абдан чоң жоопкерчилик» тартарын жана «тез адилеттикке» тартыларын айтты.
Буга чейин АКШнын Ички коопсуздук министрлиги шектүүнү 29 жаштагы Рахманулла Лаканвала катары аныктаганын CNN жана ABC News булактары билдирген. Маалыматка караганда, ал АКШга америкалык аскерлер Афганистандан чыгарылгандан кийин келген жана 2024-жылы башпаанек суроо боюнча арыз берген. Трамптын администрациясы аны 2025-жылдын апрелинде канааттандырган. Инциденттен кийин АКШнын Жарандык жана иммиграция кызматы афган жарандарына байланыштуу бардык өтүнүчтөрдү белгисиз мөөнөткө токтотконун жарыялады.
Ак үйдүн жанындагы ок атышуу 26-ноябрда, Москва убактысы боюнча саат 22:15те болгон. Белгисиз адам Улуттук гвардиянын эки кызматкерине — эркек жана аял аскерге ок чыгарган. Экөө тең оор абалда ооруканага жеткирилген. Алгач Батыш Вирджиниянын губернатору Патрик Морисси аскерлер жараатынан каза болду деп билдирген, бирок кийин алардын абалы боюнча «карама-каршы маалымат» келип жатканын айтты. Трамп болсо кайрылуусунда кол салган адам да оор жараат алганын белгиледи. Анын мотивдери белгисиз.
Бул окуяга байланыштуу Пентагондун башчысы Пит Хегсет Вашингтонго Улуттук гвардиянын дагы 500 кызматкерин жөнөтүү жөнүндө чечим кабыл алды.