Нетаньяху Израилдин президентинен ырайым сурады

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху өлкө президенти Ицхак Герцогго ырайым берүү өтүнүчүн тапшырганын Израил президентинин аппаратына шилтеме берүү менен The Times of Israel гезити кабарлады.

Герцогдун аппаратынын өкүлдөрүнүн айтымында, Юстиция министрлигинин ырайым берүү бөлүмү бардык тиешелүү министрлик органдарынын пикирлерин чогултуп, андан кийин алардын сунуштарын юридикалык кеңешчиге жөнөтөт.

Израил президенти соттолгон адамдарды, ал тургай өтө сейрек учурларда сот иши аяктаганга чейин да ырайым кылуу укугуна ээ. Бирок мындай чечим коомдук кызыкчылыкка жооп берет деп табылган шартта гана кабыл алынат.

Нетаньяхуга каршы коррупциялык иликтөө 2016-жылдын декабрында башталган. 2019-жылы ага бир нече коррупция иштери боюнча расмий айып коюлган. Нетаньяху айыптарды четке кагып келет. Премьер башка нерселер менен катар миллиардер жана Голливуд продюсери берген ондогон миң долларлык белектерди жеке жана ишкердик кызыкчылыктарга байланышкан жардамдын ордуна алган деп айыпташкан. Ошондой эле Нетаньяху медиамагнаттарга өзүнүн жана үй-бүлөсүнүн ишмердүүлүгүн оң жактан чагылдыруу үчүн жардам берген деп шектелүүдө.

Ноябрдын ортосунда АКШ президенти Дональд Трамп Нетаньяхуну колдоп, Герцогго кайрылып ага  ырайым кылууну өтүнгөн.

Израилдин премьер-министри өзүнө тагылган айыптар боюнча ырайым кылууну өтүнгөнү менен ага кызматтан кетүүнү талап кылган кысым күчөдү. Бирок оппозициялык партиялардын Нетаньяхунун бийликтен кетишин талап кылган чакырыктарына карабастан, Израилдин “Channel 15” Израилдин премьер-министрине жакын булактарга шилтеме жасап, ал эч качан саясаттан кетпей турганын жана каталарын мойнуна албай турганын билдирди.